Баңгизаттык көз карандылыкка каршы вакцина пайда болот
“Вирджини” университетинин окумуштуулары наркотикалык көз карандылыкка каршы вакцинага тест жүргүзүшмөкчү. Мында алар иммунотерапиялык ыкманы колдонот.
Аталган вакцина адамга сайылганда, организмде антитела пайда болуп, адамдар өздөрү баңгизатты (наркотик) чекпей кала тургандыгы айтылат.
Мэттью Бэнкстин айтымында: “Бул вакцина ишке кирише турган болсо, башка дарыларга салыштырмалуу натыйжасы алда канча жогору боло тургандыгын белгилеп өттү”.
Жогоруда айтып өткөндөй бул вакцинаны алган адамда антитела пайда болуп, наркотикалык бөлүкчөлөрдүн мээге болгон таасири аз болот. Жыйынтыгында, наркотикке көз каранды болгондор кумары канбай, өздөрү эле наркотиктен баш тарта тургандыгы айтылат.
Ссылка: https://barometr.kg/bagizattyk-kz-karandylykka-karshy-vakcina-pajda-bolot
Добавить комментарий ×