Түркияга жөнөтүлүп жаткан 5 тонна кокаин Колумбиядан кармалды

10 июня 2020 16:21 1369 Barometr
Поделиться в:
ok

Түркияга жөнөтүлө турган 4 928 килограмм кокаинди Колумбиянын Улуттук полициясы кармады.

"Буэнавентура портунда маанилүү жүк кармалды. Анда 4 928 килограмм кокаин гидрохлориди грануланган резина менен аралаштырылып, Түркияга жөнөтүлгөнү турган", - деди Улуттук полициянын Баңгизаттарга каршы кызматынын директору Хорхе Ремирес Твиттерде жарыялаган видео билдирүүсүндө.

Колумбинин Коргоо министри Карлос Холмес Тружилло кесиптештерин ийгилик менен куттуктап, сатыкка чыккан болсо анын баасы 265 миллион долларды түзмөк экенин белгиледи.

Дүйнөдөгү кокаин көчөттөрүнүн 90% дан ашыгы Колумбия, Перу жана Боливияны камтыган «Анди наркоүчбурчтукта» топтолгон. Кокаин Панама, Эквадор, Венесуэланын түштүк-батышында жана Бразилиянын түндүк-чыгышындагы чөлкөмдөрдө аз өлчөмдө өсөт.

Ссылка: https://barometr.kg/trkiyaga-zhntlp-zhatkan-5-tonna-kakoin-kolumbiyadan-karmaldy



Добавить комментарий