Баатырларыбызды таанып алалы: Чек арада куралдуу кол салууда каза болгон аскерлер

19 сентября 2022 10:29 1327 Barometr
Поделиться в:
ok

Баткен облусунун чек ара аймагында 707 аскер бөлүгүнүн 4 аскер кызматкери казв болгон. Бул тууралуу  ИИМдин маалыматына таянып "Барометр" билдирет. 

Маалым болгондой, Баткен облусунун чек ара аймагына тажиктердин куралдуу кол салуусу учурунда 707 аскер бөлүгүнүн аскер кызматчылары улук сержант Каныбек уулу Дурустун, кенже сержант Баатырбеков Манас Баатырбековичтин, улук сержант Ташбеков Ачылбек Абдибаабовичтин, катардагы жоокер Абдилабеков Айбек Авалтканович каза болгон.

"Каза болгон аскерлердин туугандарына жана жакындарына ИИМ терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз. Жоокерлерибиздин жаркын элеси жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат!", -деп айтылат ИИМдин көңүл айтуусунда.

"Барометрдин" жамааты курман болгон жоокерлердин ата-энесине баатыр уулдарды тарбиялап өстүргөнүнө терең ыраазычылык билдирет. Кыргыз элинин бейпил жашоосу, мамлекетибиздин бүтүндүгү үчүн жанын берген баатырларыбыздын элеси түбөлүк элдин эсинен унутулбайт. 



Ссылка: https://barometr.kg/baatyrlarybyzdy-taanyp-alaly-batkende-chek-arada-kuralduu-kol-saluuda-kaza-bolgon-askerler



Добавить комментарий