"Баасы 200 сом". Депутат Дастан Бекешев байпак сатып шайлоого каражат топтой баштады
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев байпак сатып, шайлоого акча чогултууда. Бул тууралуу эл өкүлүнүн соцтармактагы баракчасына жазылган маалыматка шилтеме берип "Барометр" билдирет.
Маалым болгондой, эл өкүлү сатыкка чыгарган өзгөчө дизайндагы байпактарды сатуудан түшкөн каражат шайлоого жумшалат.
Ага ылайык, Бекешев Lucky Socs бренди менен бирдикте байпак чыгарып, ишкерликке киришкен.
Байпактарда "Улут үмүтү, мамлекеттин колдоосу" деген жазуулар бар.
Анын айтымында, байпактын баасы 200 сом турат.
Эске салсак, Бекешев алдыдагы шайлоодо Жогорку Кеңештин депутаттыгына ат салышарын айткан. Депутат алдыда боло турган шайлоого кам көрүү максатында шайлоо фондуна каражат топтой баштаган. Бул үчүн ал жогорку окуу жайлардын студенттерине акы төлөнүүчү лекцияларды өткөрүп, каражат топтоп жатат.
Добавить комментарий ×