Азиза Абдирасулова: Генерал алты жылдан кийин мени менен абдан салкын учурашты
Укук коргоочу Азиза Абдирасулова башынан өткөн окуялар тууралуу өзүнүн социалдык баракчасына жазып турат. Бул ирет 2010-жылы апрель окуяларынан кийинки жагдайды баяндаганын “Барометр” бөлүштү.
“Мени менен аз болсо да баарлашкан адамдар, «Эже сиз ходячая легендасыз, жазыңыз» дей беришет. Эмнени жазышым керек экенин билсем го.
Эмнени жазайын деп Абдумомун Мамарайимов, Аскер Сакыбаева, Венера Жуматаева жана башка калеми курчуп калган журналисттерге кайрылсам баары сүйлөшүп алгандай «кандай окуяны эстесеңиз, оюңузга эмне келсе жаза бериниз. Кийин, оо кийин сиздин эмгектериңизди изилдегендер редакциялап коюшат» дешти. Ошентип оюма келгенди жазып баштадым. Балким кимдир бирөөгө кызык болор.
2010-жылдын оор апрель айынын аягы.Так эсимде жок, 27-28-апрель болсо керек эле.
Уктап кеткен экенбиз. Түнкү саат 2лер болуп калыптыр. Жаздыгымын алдындагы телефонумун жаагы басылбай чырылдап баштады. Алдым. Ички иштер министрлигинде иштеген подполковник жигит экен. Азыр да иштейт, зыяным тийип калбасын деп атын атабадым.
“Эже тезирээк келип калыңыз, генералды Москвадан кармап келип УКМКга камап коюшту. Спецназ бизди атканга даярданып жатат”,-деди. Телефонунан алыстан «Конго, Конго» деген чакырыктар угулду. Түшүндүм. Уйкум умачтай ачылды. Жанымда коңуругу кош жарган абышкамы түрткүлөп ойготтум.
“Тур, тез арада УКМКга барышыбыз керек, Мусаны Москвадан кармап келиширтир. Балдар чакырып жатышат, кайрадан кан төгүлбөсүн”,- дедим. Абышкам уйкусураган боюнча сыртка чыгып машинаны от алдырды.
Жибек жолу-Разаков көчөсүнүн кесилиши жакка барганыбызда саат түнкү 3кө жакындап калган экен. Эки тарап тирешип бир жагында спецназдын маскачан балдары, экинчи жагында Ички иштер министрлигинин иштеп жаткан полковник, подполковник кызматкерлери, 30 метрдей аралыкта тирешип турушуптур. Кырдаалды көрдүм. Орто ченде ошол кездеги Ички иштер министри Болот Шер бир нече кызматкерлер менен турушкан экен.
Машинадан түшүп туура эле Болот турган жакка бардым. Болот мени көрүп бир кадам алдыга басып келди. Мен: “Болот, эмне, аттырасынбы? Кан жетпей атабы?”,- деп буулугуп баштадым.
Болот да мени сыйлаган жигиттердин бири эле. Акырын чыканагыман кармап, «колунуздан келсе балдарды алып кетиңиз. Мен да кан төгүлүшүн каалабайм» деди.
Топтолуп турушкан офицерлерге келдим. Баарынын өңү тааныш. Баары кыргызым деп күйгөн жигиттер. Баары мага үмүт менен карашат.
“Балдар, айланайындарым, таркагыла. Генералга мен мүмкүн болгон мыйзамдуу жардамымды берем, кан төгүлбөсүн”,-дедим.
“Жардам бересизби, сизге ишенелеби?”,-дешип акырындап балдар тарашты.
УКМКдан «Конганын» адвокаты чыкты. Атын унутуп калыптырмын, кайтыш болуп кетти, Аширов же Аширбаев беле? Аны алып Толекан Исмаилованын офисине бардык. Пресс-релиз жаздык. Таңга жуук бизге Конганын акеси Камбаралы Ташболотович келди. Эртеси күнү басма сөз жыйынын бердик.
Негизги ой: “ким болбосун, кылмышкер болсо да медициналык жардам алсын, анан жоопко тартылсын” эле.
Эртеси таң атпай Роза Отунбаеванын кабылдамасында болдук. Роза Исаковна жок экен. Толекан Асаналиевна жумушум бар деп мени калтырып кетти. Мен отурам кашайып.
Бир кезде Эдил Байсалов телефон чалды:
“Эже, Майлуусуулук туугандарыныз шагыл төгүп көпүрөнү тосуп жатышат. Барып туугандарынызды токтотуңуз”, – дейт.
Жаным кашайып мен:
“Ооба, барам, Майлуусууга, барып ошол көпүрө тоскондорго кошулуп алам. Азыр Роза Отунбаеванын кабылдамасындамын, керек болсо ушул жерде ачкачылык жарыялаймын”,- дедим.
Саат экилер болуп калганда Роза Исаковна иш бөлмөсүнө келди. Роза Отунбаева кандай болгондо да зирек инсан.
“Азиза кандай сунушун бар?”,-деп сурады.
Мен: “Комиссия түзүңүз. Врачтар, ЖМКлар, коомчулуктун өкүлдөрү кирсин комиссияга”,- дедим. Ошол эле жерден Роза Исаковна комиссия түзүү боюнча чечим кабыл алды.
Комиссияга төрага болуп врач-нейрохурург Мамытом дайындалды
Комиссиянын составына укук коргоочулардан Толекан Исмаилова экөөбүз, журналист Улугбек Бабакуловдон башка дагы тогуз врач-медиктер кирди.
Комиссиянын жыйынтыгы 3-майда чыкты. Медиктер «аталган диагноз менен Кыргызстанда жардам көрсөтүү мүмкүн эмнс» деген тыянак чыгарып ошол кездеги Убактылуу өкмөткө тыянакты өткөзүп берди.
Камбаралы Ташболотович менен телефон аркылуу күндө сүйлөшөбүз. «Учканга уруксат бербей жатышат, билеттерди күндө жаңылап жатабыз» дейт.
Мен Роза Исаковнага чыгам, ал Бекназаровго шылтайт. 10-май күнү мага ГСУдан (Башкы тергөө башкармалыгы) бир жигиттер телефон чалышты.
“Эже, келип кетиңиз, генералдын иши боюнча”,- деп.
Бардым. Мурунку Финполдун имаратында убактылуу жайгашкан экен. Мени кабыл алган жигиттер:
“Азимбек Анаркулович сизден тилкат алгыла, Конгантиев кайра келбесе сиз анын ордуна камалат экенсиз”,-дешти.
Мен, Камбаралы Ташболотовичке коңгуроо кылып, жагдайды түшүндүрдүм. Ал киши «Азиза, сураган тил катын жазып бере бер, генерал эч жакка качпайт. Мен сага сөз берем» деди.
Ошентип тил кат жазып бердим. Тарых учун ксерокопиядан чыгарып алып сактап койгом.
Абышкам, Камбаралы Ташболотович менен чогуу Муса дарыланып жаткан ооруканага бардык. Узак сүйлөшүп отурдук. 7-8-апрелдеги көргөн күндөрүн айтып берди. Ал өзүнчө тема.
Генерал дарыланып келди. Арадан алты жыл өткөндөн кийин бир жакшылыкта генерал менен чогуу болуп калдык. Мени менен абдан салкын учурашты. Мен да жай гана саламдашып койдум.
Мунун баары жашоо, тарых. Жашоо улана берет экен”,-деп эскерди укук коргоочу.
Ссылка: https://barometr.kg/aziza-abdirasulova-general-alty-zhyldan-kijin-meni-menen-abdan-salkyn-uchurashty
Добавить комментарий ×