Азиза Абдирасулова: Ошол жер төлөдөгү жигитти унута албай койдум
Белгилүү укук коргочу Азиза Абдирасулова кесибине байланыштуу болгон окуялардын бирин социалдык баракчасына бөлүшкөнүн “Барометр” маалымдайт.
“Укук коргоочу болгону мен ИВС, СИЗО, колонияларга 2003-жылдан кийин гана кирип баштадым. “Түрмө бул пионер лагери эмес” деп коет. Бул эң туура. Кыргызстандын баардык колония, ИВС, СИЗОлорун кыдырып чыккан укук коргоочу аз болсо керек. Мен бут баарын кыдырып чыктым. Казарман, Чаткал, Манас, Токтогул, Сулукту, Лейлек, Алабука иши кылып барбаган жабык жайлар калбады.
Чынында, баары бири-бирине окшош карангы, сыз, булганч. Каерге барсам да арыз-арман. Бирөөгө жардам берсем, башкасы унутта калат.Бирок, таптакыр унута албаган тагдырлар да кездешти.
Ошондой окуялардын бирөөсү
2012-жылы оор операцияны башыман өткөздүм. Бир жылдай балдак менен басып жүргөн учурда Бишкектеги борбордук убактылуу кармоочу жайга мониторинг жүргүзүп калдык. Рыспек Адамалиев экөөбүз эки аптадай ошол жерде жүрдүк. Акыркы күндөрү подвалды кыдырып баштадык. Подвал деген подвал. Күн тийбейт, аба жетишпейт. Менин боюм бир жарым метр болсо да камерада эңкейип басышым керек. Бирок, мен ойлогон эмесмин, подвалдын астында да камералар бар экенин.Кыскача айтканда подвал под подвалом.
Подвалдын астындагы камераларга акыркы күндөрү кирдик.
Үрөй учурат. Караңгы. Капкара. Алдында турган адамдын өңү даана көрүнбөйт. Ошол жерден ыр жазган, сүрөтчү Улан Малашевди жолуктурдум, ал тууралуу кененирээк жазам, ал өзүнчө роман.
Ошол жер төлө астындагы жер төлөдөн дүйнө унутуп койгон бир жигит менен баарлаштым. Өмүр бою кесилген экен. Отурганына жыйырма беш жылдан ашыптыр.
Тагдыры адам чыдагыс.Баарлаштым.Союз кезинде абак кызматында конвоир болуп иштептир. Болгондо да өлүм жазасына тартылгандарды Фрунзеден Алматыга сопровождение кылчу экен. Көрсө, ал кезде өлүм жазасы Алматыда ишке ашырылып турчу экен.
Төмөндө ошол жигиттин айткандары:
“Жети жыл смертниктерди Фрунзеден Алматыга ташыдым. Эки-үй айда бир жолу каттачубуз, смертниктерди бир, эки, үч деп санап кабыл алчумун. Казнь исполнение болгондо труптарды кайра санап алып, Фрунзеге жеткирип, өткөзүп берчүмүн. Кээде өңдөрүн тааныбай калып колундагы биркадан салыштырчу элем.
Кийинки кездерде смертниктерди эстеп калуу үчүн өңдөрүн изилдеп чыгуу мен үчүн адат боло баштады.
Алардын денесин кабыл алганда биркасы жок эле таанып калсам ыраазы болуп калчумун. Кийинчерээк мен ушундай ыраазычылык менен гана жашап калдым.
Смертниктердин өңү түсүн, келбетин жол бою жаттайм да, алардын жансыз өңүн элестетем. Кийин денелерди кабыл алганда канчалык туура элестете алганыман канааттанам. Союз урады. Жумушсуз калдым. Эмнегедир смертниктерди сагынып баштадым. Алдыман чыккандардын өңүн изилдеп, ушул өлгөндөн кийин өңү момундай болот деп, анан өзүмдүн жыйынтыгым канчалык туура болоруна ынануу үчүн ошол адамдын артынан түшүп өлтүргөнгө аракет кыла баштадым. Мен үчүн болгону мен канчалык туура элестете алганым маанилүү эле. Бир нече адамдарды өлтүрдүм. Мени эркиндикке чыгарганга болбойт. Мен азыр да сизди карап туруп, өлсөңүз өңүңүз кандай болоорун элестетип жатам”, - деди.
Мен өзүмдү кантип бир кадам артка таштаганымы билбей калдым.
Жутко. Алдымда турган, ички сырын мага ишенип ачып берип жаткан жигит убагында системанын курмандыгы болгонуна, ал жигиттин психологиясын ойлогон жан болбогонуна, убагында бул жигитти колдонуп аягында керексиз буюмдай ыргытып жибергендерине ыза болуп, ачуумду кимден чыгарыгымы билбей айласыздан подвалдын темир дарбазасын муштап-муштап алдым.
Андан кийин да жабык жайларды көп кыдырдым. Отургандарга дайым энелик мээрим бергенге аракет кылам. Бирок, ошол подвалдын астындагы жер төлөдөгү жигитти унута албай койдум. Системанын курмандыгы. Бул болгон окуя, тарых. Жакпаса ачык эле жазгыла, алып салам”,-деп жазды укук коргоочу.
Ссылка: https://barometr.kg/aziza-abdirasulova-oshol-zher-tldg-zhigitti-unuta-albaj-kojdum
Добавить комментарий ×