Азия кубогу-2019. Кыргызстан курама командасы плей-офко чыктыбы, жокпу 24 сааттан кийин билинет

16 января 2019 22:24 3182 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Азия кубогу-2019 оюнунда Кыргызстан курама командасы 1/8 финалына чыктыбы же чыкпай калдыбы эртең билине тургандыгы айтылды. Белгилей кете турган болсок, плей-офф финалына алты топтун ичинен биринчи жана экинчи орундарга чыккандар чыгышкан. Ошондой эле бул раундда үчүнчү орунга жеткен 4 команда беттешет. 

Бүгүн, 16-январда Кыргызстандын курама командасы Филиппиндерди 3:1 эсебинде утул алды. Командага жеңишти уч жолу катары менен топту команданын оюнчусу Виталий Люкс киргизди. 

Эске салсак, Кыргызстан Кытайдан 1:2 эсебинде утулуп, ал эми Түштүк Кореядан 0:1 эсебинде утулуп калган. 

Ушундай эсеп менен бүгүн үч топту киргизип, финалга чыгып калышы мүмкүн болууда. Бул оюнду чечүүчү көрүнүш башка тайпадагы 5 курама команданын алган упайларынан көз каранды. 

Ссылка: https://barometr.kg/aziya-kubogu-2019-kyrgyzstan-kurama-komandasy-finalga-chyktyby-zhokpu-24-saattan-kijin-bilinet



Добавить комментарий