Азаматтар! Дубайдагы футбол боюнча беттеште Кыргызстан Филиппиндерди 3:1 эсебинде утуп алды

16 января 2019 21:43 1606 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Кыргызстан курама командасы Филлипиндерди 3:1 эсебинде утуп алды. Бул тууралуу Barometr.kg сайтынын спорттук кабарчысы Гулиза Авазова жеринен маалымдады. 

Дубайда өтүп жаткан Азия-2019 футбол боюнча беттеште Кыргызстан курама командасынын футболчусу Виталий Люкс үч топту тең удаасы менен киргизип, жеңиш алып келди. 

Кыргызстандыктар үчүн бул оюн чечүүчү оюн болуп, утса мындан ары оюнга катышаары айтылып жаткан.

Эске салсак, Азия кубогу-2019 футбол боюнча беттеши Дубайдагы "Рашид" стадионунда өттү. 

Ссылка: https://barometr.kg/azamattar-dubajdagy-futbol-boyuncha-betteshte-kyrgyzstan-filippinderdi-31-esebinde-utup-aldy



Добавить комментарий