Азия кубогу-2019. Эсеп 3:2. Кыргызстан БАЭнын курама командасынан утулуп калды
Азия кубогу - 2019 оюнунда Кыргызстан курама командасы БАЭнын футбол командасы менен беттешти. Беттеште эң алгач атаандаштардын эсебине 13-номур астында ойногон оюнчу эсепти ачып андан көп өтпөй 26-мүнөттө БАЭнин дарбазасына Мирлан Мурзаев гол киргизип 1:1 кылып эсепти теңдеди.
Оюндун 63-мүнөтүндө кыргыз дарбазасына Махбур Ахмет Али гол киргизсе 2 таймдын 91-мүнөтүндө Турсуналы Рустамов башы менен атаандаштарга гол киргизип Кыргызстандыктарга кубаныч тартуулады.
Оюнга 2 жолу 15 мүнөттөн дагы жарым сааттык экстра тайм кошулуп берилди.
Беттештин 102-мүнөтүндө Ахмед Халил Аль-Жубайли гол киргизип эсепти атаандаштардын эсебине 3:2 ге чыгарды.
Экинчи экстра таймда эсепте эч кандай өзгөрүүлөр болгон жок.
Кыргызстан курама командасы БАЭнын курама командасынан 3:2 эсебинде утулду.
Маалым болгондой Кыргызстан курама командасы буга чейин Филиппин курама командасы менен беттешип 3:1 эсебинде жеңишке жеткен эле.
Ссылка: https://barometr.kg/aziya-kubogu-2019-esep-32-kyrgyzstan-baenyn-kurama-komandasynan-utulup-kaldy
Добавить комментарий ×