Катар мамлекети Футбол боюнча Азия чемпиону
Футбол боюнча Азия Кубогун Катар өлкөсүнү футболчулары жеңип алды. Алар чечүүчү финалдык беттеште Азиянын ң жолку чемпиону Японияны 3-1 эсебинде утту.
Оюндун 11-мүнөтүндө Алмоез Али эсепти ачып, өзүнүн эсебинде Азия Кубогундагы 9-голду жазды. 26-мүнөттө Азиз Хатим алыстан сокку узатып, дарбазачыга тосуп алууга мүмкүнчүлүк берген жок. Эсеп 0:2.
Беттештин экинчи бөлүгүнүн орто ченинде Япония курамасы эсепти 1:2 кылганга үлгүрсө, аягында Катар курама командасы пенальти тебүүгө мүмкүнчүлүк алып, аны ийгиликтүү аткарышты.
Муну менен Катар курама командасы тарыхында биринчи жолуАзия Кубогунун чемпиону болду.
Кошумчалай кетсек Катарлыктар чемпионаттагы бардык беттештерин жеңип, атаандаштарынын дарбазасына 19 топ киргизген. Ал эми өз дарбазаларына болгону финалдык беттеште бир гана гол өткөрүп алышкан.
Ссылка: https://barometr.kg/katar-mamleketi-futbol-boyuncha-aziya-chempionu
Добавить комментарий ×