Азия чемпиону Улукбек Жолдошбековго жердештери BMW X5 машинасын белек кылды

29 февраля 2020 11:29 1106 Barometr
Поделиться в:
ok

Индияда өткөн Азия чемпионатында алтын тагынган балбан Улукбек Жолдошбековго жердештери BMW X5 машинасын белек кылды. 

Андан сырткары балбанга жарым миллиондон ашык сом берилген. Нарын облустук администрациясынан кабарлашкандай, Жолдошбеков Нарынга 28-февралда келген. Аны облус башчысы Эмилбек Алымкулов, калаа мэри Нурбек Молдокадыров, туугандары менен күйөрмандары тосуп алган.

Облус башчысы ага ардактуу атуул наамын жана 20 миң сом тапшырган. Андан сырткары жергиликтүү ишкерлер BMW X5 машинасын белек кылышкан.

Белгилей кетсек, Жолдошбеков Индияда өткөн Азия чемпионатында күрөш учурунда көзүнөн жаракат алган.

Жолдошбеков казакстандык балбанды утуп, андан кийин Ирандан келген спортчу менен кез келген. Кармаш учурунда бармагы көзүнө тийип жабыркаган.

Азия чемпиону Бишкекке кайтканда күйөрмандары аэропорттон тосуп алган. Бирок ал келгендерди жакшы көрбөй жатканын айткан болчу.

Ал ортодо Жолдошбековдун дарылануусуна кеткен бардык чыгымды Кыргызстандын Олимпиадалык оюндардын түрү боюнча дирекциясы төлөп берери белгилүү болгон

Балбандын көзүн текшерген дарыгерлер олуттуу жаракат жок экенин, болгону карегинин бир катмары тытылып кеткенин аныкташып, ал бир айдын ичинде калыбына келерин айтышкан.

Ссылка: https://barometr.kg/aziya-chempionu-ulukbek-zholdoshbekovgo-naryndyk-bajkeleri-bmw-x5-mashinasyn-belek-kyldy



Добавить комментарий