Азия чемпиону Улукбек Жолдошбеков: ден соолугуң болбосо Азия же дүйнө чемпиону болгонуң бир тыйын экен

25 февраля 2020 11:45 744 Barometr
Поделиться в:
ok

Индияда өткөн күрөш боюнча Азия чемпионатында алтын байге тагынган балбан Улукбек Жолдошбеков аталган турнир ал үчүн эң оор кармаштардан болгонун айтты. Аны Бишкекке келгенде күйөрмандары 24-февралда кечинде аэропорттон тосуп алды.

Ал чейрек финалдагы кармашууда көзүн жабыркатып алганын билдирип, учурда жакшы көрбөй жатканын журналисттерге маалымдады.

Жолдошбеков казакстандык балбанды утуп, андан кийин Ирандан кедген спортчу менен кез келген. Ал кармаш учурунда бармагы көзүнө тийип жабыркаган.

“Колу көзүмө тийип, көзүмдүн ичи тытылып кетти. Бирок машыктыруучум менен кеңешип кармаштарды улантууну чечтим. Андан кийин Индиядан келген балбанды утуп алдым. Курама командасынын дарыгерлери көзүмө дары тамызгандан кийин жакшы болуп калдым. Финалдык кармашта дагы жарат алган көзүм менен чыктым”, — деди ал.

Жолдошбеков учурда жакшы көрбөй жатканын, андыктан аны тосуп алууга канча киши келгенин билбей жатканын айткан.

“Ден соолугун болбой туруп Азия же Дүйнө чемпиону болсоң бир тыйын экен. Эң башкысы ден соолук экенин сездим”, — деди чемпион.

Маалыматка ылайык, Жолдошбековдун туугандары аны дароо ооруканага алып кеткен.

Белгилей кетсек, Улукбек Жолдошбеков 61 кг. салмакка чейинки категорияда күч сынашып, финалдык кармашта тажикстандык Мухамад Икромовду жеңип, чемпион атыккан.

Ссылка: https://barometr.kg/aziya-chempionu-ulukbek-zholdoshbekov-den-soolugu-bolboso-aziya-zhe-djn-chempionu-bolgonu-bir-tyjyn-eken



Добавить комментарий