Улукбек Жолдошбеков жана легионер Арсалан Будажапов Азиянын чемпиону болду

24 февраля 2020 10:44 557 Barometr
Поделиться в:
ok

23 жашка чейинкилер арасында (U-23) дүйнө чемпиону Улукбек Жолдошбеков жана легионер Арсалан Будажапов эркин күрөш боюнча Нью-Делиде өтүп жаткан Азия чемпионатында чемпион болду.

Жолдошбеков 61 кг. салмакка чейинки категорияда күч сынашып, Казакстандын, Ирандын жана Индиянын балбандарын утуп, финалга чыкты. Алтын медаль үчүн болгон күрөштө тажикстандык балбанды 3:0 эсебинде жеңип алды.

Улуттук курамага экинчи алтынды Якутиядан келген легионер Арсалан Будажапов алып келди. Ал 79 кг. салмакка чейинки категорияда финалдык кармашта индиялык балбанды утуп алтын тагынды.

Ошондой эле аталган чемпионатта коло медалды Бекболот Мырзанар уулу менен Исламбек Орозбеков утту. Бул ирет олимпида оюндарынын катышуучулары Айаал Лазарев менен Магомед Мусаев байгелүү орундарга илинген жок, алар жетинчи жана бешинчи орундарды камсыздады.

Аталган Азия чемпионатында кыз-келиндер дагы күч сынашкан. Айпери Медет кызы күмүш утса,  Айсулуу Тыныбекова коло байгеги татыды

Андан сырткары грек-рим күрөшү боюнча күмүш медалды Жоламан Шаршенбеков менен Азат Салидинов алса, коло байге Ренат Илияс уулу, Роман Ким жана Руслан Царевге буйруган.

Ссылка: https://barometr.kg/ulukbek-zholdoshbekov-zhana-legioner-arsalan-budazhapov-erkin-krsh-boyuncha-aziyanyn-chempionu-boldu



Добавить комментарий