Азия чемпионатында жаракат алган Улукбек Жолдошбековдун дарылануусуна кеткен акчаны агенттик төлөп берет

25 февраля 2020 14:14 719 Barometr
Поделиться в:
ok

Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Олимпиадалык оюндардын түрү боюнча дирекциясы Азия чемпионатында көзүнөн жаракат алган Улукбек Жолдошбековдун дарылануусуна кеткен чыгымдарды төлөп берет. Бул тууралуу агенттиктин маалымат кызматы билдирди.

Дирекциянын жобосуна ылайык, Кыргызстандын курамасына кирген спортчу мекеменин атынан медициналык кароого алынат жана мамлекеттик агенттиктин толук көзөмөлүндө болот.

Белгилей кетсек, Жолдошбеков Индияда өткөн Азия чемпионатында күрөш учурунда көзүнөн жаракат алган.

Жолдошбеков казакстандык балбанды утуп, андан кийин Ирандан кедген спортчу менен кез келген. Ал кармаш учурунда бармагы көзүнө тийип жабыркаган.

“Колу көзүмө тийип, көзүмдүн ичи тытылып кетти. Бирок машыктыруучум менен кеңешип кармаштарды улантууну чечтим. Андан кийин Индиядан келген балбанды утуп алдым. Курама командасынын дарыгерлери көзүмө дары тамызгандан кийин жакшы болуп калдым. Финалдык кармашта дагы жарат алган көзүм менен чыктым”, — деди ал.

Жолдошбеков учурда жакшы көрбөй жатканын, андыктан аны тосуп алууга канча киши келгенин билбей жатканын айткан.

“Ден соолугун болбой туруп Азия же Дүйнө чемпиону болсоң бир тыйын экен. Эң башкысы ден соолук экенин сездим”, — деди чемпион.

Ссылка: https://barometr.kg/aziya-chempionatynda-zharakat-algan-ulukbek-zholdoshbekovdun-darylanuusuna-ketken-akchany-agenttik-tlp-beret



Добавить комментарий