Азербайжандын президентинин Кыргызстанга сапары учурунда 4 миңден ашуун милиция кызмат өтөйт

10 октября 2022 11:45 2678 Barometr
Поделиться в:
ok

Азербайжандын президентинин мамлекеттик сапары учурунда 4 миңден ашуун милиция кызматкери кызмат өтөйт. Бул тууралуу ИИМдин маалыматына таянып “Барометр” билдирет.

Маалым болгондой, 11-12-октябрь күндөрү Азербайжандын президенти Ильхам Алиевдин Кыргызстанга келет.

“Ички иштер министрлиги мыйзамдуулукту жана тартипти талаптагыдай деңгээлде камсыздоо боюнча чараларды көрүп жатат.

Учурда коопсуздукту жана коомдук тартипти талаптагыдай камсыздоо максатында Ыкчам штаб түзүлүп, ички иштер органдарынын күчтөрүн жана каражаттарын эсептөө иштери жүргүзүлүп, ага ылайык 4 миңден ашык милиция кызматкерлери коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн тартылат.

Расмий иш-чаралар учурунда милиция коопсуздукту жана коомдук тартипти, жол кыймылынын коопсуздугун толук камсыздайт жана ички иштер органдарынын өздүк курамы күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт”, -деп айтылат маалыматта.



Ссылка: https://barometr.kg/azerbajzhandyn-prezidentinin-kyrgyzstanga-sapary-uchurunda-4-miden-ashuun-miliciya-kyzmat-tjt



Добавить комментарий