Аялдын энергиясын уурдап ала турган адаттар

28 февраля 2022 14:15 3847 Barometr
Поделиться в:
ok

Аялзаты жетишерлик аялуу жандар экени талашсыз, мырзалар ал тургай көңүл бөлбөй койгон нерселер айымдарды алсыратып коюшу толук мүмкүн. Алсыраган аял кантип сулуу, жагымдуу, сексуалдуу боло алат? Аялдын энергиясын ала турган жагдайлардын тизмесин карап көрүп алардан арылууга аракет жасаңыз! Бул тууралуу психологдордун сунуштарына таянып "Барометр" билдирет.

Үйдүн чачылышы жана жыйналбай турушу  

Аял үйдүн куту деп бекеринен айтылбаса керек, мейкиндикте ар бир затты, ар буюмду ыңгайлуу жайгаштыруу аялзатынын милдети. Бирок чачылган заттар, булганыч нерселер аялдын маанайын чөгөрүп аны алсыратып, стресске түртөт.Ошондуктан ар дайым үйүңүздү таза жана жыйнактуу кармоого аракет кылыңыз!

Тынчы жок уйку

Аялдар жакшынакай көрүнүш үчүн анын уйкусу канып уктаганы абдан маанилүү. Ашыкча түйшүктөрдөн улам уктаганга кеч жатып уйку канбай калгандан кийин аял эртең менен шишип-көөп турат. Күнү бою маанайы жок болуп, айлансындагылар менен ал тургай урушуп кетүүгө даяр болот. Же тескерисинче уйкусу качып тынчы кеткен айымдар бар. Аялдын энергиясына толук кандуу уйкунун пайдасы абдан зор.

Начар секс же анын таптакыр жок болушу 

Бул жерден эске алуучу жагдай үй-бүлөлүк жуптардын кумары бара-бара басаңдайт жана аял эч кандай ырахат албай калат. Аял өзүн сексуалдуу сезиш үчүн оң эмоцияларга бай болуш керек.Ошондо гана ал бактылуу болот.

Дайыма өзүн күнөөлүү сезүү

Дайыма үй-бүлөсүнүн, жакындарынын же күйөөсүнүн алдында өзүн күнөөлүү сезген аялдар күч-кубатын тез жоготот. Мындан аялдын энергиясы жабыр тартат.

Курбулары менен тынымсыз сүйлөшүү

Курбулар албетте керек, алар менен баарлашуу стрессти, чыңалууну азайтат.Бирок өзүнүн керектүү өлчөмүндө гана. Курбулары менен тынымсыз сүйлөшө берүү аялдын көп энергиясын алып кое турган адат болуп саналат.

Ссылка: https://barometr.kg/ayaldyn-energiyasyn-uurdap-ala-turgan-adattar



Добавить комментарий