Аял-күйөөсү урушса ортодогу наристе өлөт. 4 айлык кыз ата-энесинин чабышуусунан улам көз жумду
Аялы менен күйөөсү урушуп, ортодогу таяктан улам 4 айлык наристе чарчап калды. Бул тууралуу Ысык-Көл облусттук милициядан билдиришти.
Маалыматта берилгендей, окуя 28-декбарда Тоң районунун Туура-Суу айылында болгон. Күйөөсү аялын отундун кертиндиси менен чабам дегенде, аялдын колундагы наристеге тийип, бала эсин жоготкон. Буга каны кайнаган аял үйүнө кирип бычак алып чыгып, күйөөсүн сайган. Окуя болгон болгон жерге тез жардам келип, үй-бүлөнү жергиликтүү ооруканага жеткиришкен. Бирок, наристе эсине келбеген бойдон кете берген.
Өз наристесин өлтүргөн 27 жаштагы кишини Каракол шаарындагы №23 убактылуу кармоо жайына киргизишип, Кылмыш кодексинин 104-беренесинин ("Саламаттыкка атайылап оор залал келтирүү") негизинде иш козгошкон. Аны эки айга камакка алуу чечими райондук сот тарабынан чыгарылган.
Маалыматтарда үй-бүлө кыштоого чыгып, мал багары айтылды.
Добавить комментарий ×