Автобус менен кагылышкан автокырсыкта Шкода унаада тирүү калган жалгыз кыз да каза тапты

13 сентября 2019 22:55 1759 Barometr
Поделиться в:
ok

9-сентябрда Бишкекте Ч.Айтматов проспектисинде Шкода Октавиа менен жүргүнчү ташыган автобус кагылышкан автокырсыкта болгон А.Н. аттуу өспүрүм кыз да каза тапты. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министрлиги кабарлады.

Ал кыз окуяда жеңил унаадагы бешөөнүн ичинен тирүү калган жалгыз жүргүнчү болчу. А.Н. алган жартынан өзүнө келе албай ооруканада бүгүн түшкү сааттарда жан берген.

Эске сала кетсек, 9-сентябрда Ч.Айтматов ысмындагы мамлекеттик даңгыр жолдо “Шкода Октавия” унаасынын 17 жаштагы айдоочусу түндүк тарапты көздөй баратып, карама-каршы келаткан жүргүнчү ташуучу автобус менен бетме-бет кагылышкан. Окуя түшкү саат 14:54тө катталган.

Жеңил унаада 17 жаштагы 4 бала жана 1 кыз болгон. Жаш уландар төртөө тең окуя болгон жерде мерт кеткен. Ал эми А.Н. аттуу кыз ар кандай жаракат менен Бишкектин сыныктар жана ортопедия илим-изилдөө борборуна жеткирилген болчу.

Ошол эле ооруканага ар кандай жаракаттар алган автобустун бир канча жүргүнчүсү да жеткирилген.

Ссылка: https://barometr.kg/avtobus-menen-kagylyshkan-avtokyrsykta-shkoda-unaada-tir-kalgan-zhalgyz-kyz-da-kaza-tapty



Добавить комментарий