Австриянын тургуну таштанды баштыгынан 16 миң евро таап алды

8 августа 2020 11:53 2340 Barometr
Поделиться в:
ok

Австриянын тургуну таштанды баштыгынан 16 миң евро таап алды. Бул тууралуу «Kronen Zeitung” басылмасына шилтеме берип “Барометр” которду.


Бир баштык акчаны 26-жаштагы Фёклабрук аймагынын тургуну таап алган.

Унаа менен кетип бара жаткан айым, таштанды баштыгы турганын көрөт да аны таштандыга алып барып салып коюуну чечет. Бирок, аны ачканда андан көп сандаган акча жана тыйындар чыккан.

Таап алган акчасын ал жергиликтүү полиция кызматына алып барат. Ал эми акчанын ээси 28 жаштагы мырза кокустан акчасын каякка койгонун таппай калып, полиция кызматына жоготуусу тууралуу арыз жазып кайрылат.

Жыйынтыгында укук коргоо кызматкерлери акчаны ээсине өткөрүп беришти.

Ссылка: https://barometr.kg/avstriyanyn-turgunu-tashtandy-bashtygynan-16-mi-evro-taap-aldy



Добавить комментарий