АКШда өспүрүм өзүнүн үч бир тууганын атып өлтүрүп, анан өз жанын кыйган
АКШнын Аляска штатынын Фэрбенкс шаарында 15 жаштагы өспүрүм үч бир тууганын атып, андан соң өз жанын кыйды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазган маалыматка таянып "Барометр" билдирет.
Маалым болгондой, каргашалуу окуя көп балалуу үй-бүлөдө болгон.
Жакын жерден атылган октун үнүн уккан кошуналар полиция чакырышкан. Окуя болгон жерге келген милиция кызматкерлери октон алган жаракатынан каза болгон төрт адамдын сөөгүн табышкан.
Каргашалуу окуя учурунда үйдө дагы үч бала болгон, бактыга жараша алар жабыркаган эмес. Ал эми, балдардын ата-энелери ок атышуу учурунда үйдө болгон эмес.
Ссылка: https://barometr.kg/akshda-sprm-znn-ch-bir-tuuganyn-atyp-ltrp-anan-z-zhanyn-kyjgan
Добавить комментарий ×