Атлетиконун коргоочулары Ювентусту талкалады

21 февраля 2019 09:50 1301 Barometr
Поделиться в:
ok

УЕФАнын чемпиондор Лигасынын жарым чейрек финалдык баскычынын кезектеги беттештери өттү. Анда «Мадриддик Атлетико» менен «Туриндик Ювентус» кез келип, Мадриддиктер 2-0 эсебинде утуп алды. Бул тууралуу УЕФАнын расмий сайты жазды. «Ванда Метрополитано» талаасында өткөн беттештин тагдырын чечкен 2 голду оюндун акыркы 15 мүнөттөрүндө Атлетиконун Уругвайлык борбордук коргоочулары Хосе Мария Хименес менен Диего Годин киргизди.

Жооптук оюн 14-мартта Туринде "Ювентус Арена" стадионунда өтөт.

Ссылка: https://barometr.kg/atletikonun-korgoochulary-yuventustu-talkalady



Добавить комментарий