Эстониядагы оюнда "Атлетико Мадрид" УЕФАнын суперкубогун утуп алды

17 августа 2018 00:05 920 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Эстониянын Таллин шаарында футбол боюнча УЕФАнын Суперкубогу болуп өттү. Анда Чемпиондор Лигасынын жеңүүчүсү "Реал Мадрид" жана Европа Лигасынын жеңүүчүсү "Атлетико Мадрид" командалары беттешишти. 

Беттештин алгачкы мүнөтүндө эле "Атлетиконун" футболчулары эсеп санын ачканга жетишти. Ал эми "Реалдын" оюнчулары 27-мүнөттө гана жооп бере алды. Анда Гарет Бэйл сол канаттан айып аянтчага көтөрүп, аны Бензема башы менен дарбазага багыттап, эсеп санын тең кылды. 63-мүнөттө "Атлетиконун" коргоочулары ката кетирип, "Реалга" пенальти тебүүгө мүмкүнчүлүк берди. Аны "Реалдын" капитаны Серхио Рамос ийгиликтүү аткарып, эсепти 2:1 кылды. 79-мүнөттө Диего Коста кайрадан айырмаланып эсепти теңеди. Муну менен беттештин негизги убактысы бүтүп, командалар кошумча 2 тайм ойношту. Анын жүрүшүндө алгач Сауль Ньигес айырмаланса, 105-мүнөттө Коке гол киргизгенге үлгүрдү.

Жыйынтыгында "Атлетико Мадрид" командасы 2:4 эсеби менен жеңишке ээ болуп, УЕФАнын суперкубогун утуп алды.

Оюн кечээ 15-августтан 16-августка караган түнү Эстониянын Таллин шаарында болду.

Ссылка: https://barometr.kg/estoniyadagy-oyunda-atletiko-madrid-uefanyn-superkubogun-utup-aldy



Добавить комментарий