Эмне үчүн жигиттер сулуу эмес кыздарга үйлөнүп, сулуу кыздарды карашпайт? Мырзалардан жооп күтөм!

24 июля 2021 18:55 13101 21 Barometr
Поделиться в:
ok

Barometr.kg сайтынын дарегине, соцтармактагы баракчасына көптөгөн каттар келет. Аларга жооп иретинде биз “Айым сыры” деп аталган рубриканы сизге сунуштайбыз. Жан дүйнөңүздү түйшөлткөн суроолор болсо окурмандарга кайрылып пикир алсаңыз болот. Маселени кээде башкача чечүү дагы ишке көмөк берерин унутпаңыз!

Бул ирет Динара аттуу (каармандардын баарынын аты-жөнү өзгөртүлдү) кыздын төмөндөкүдөй суроосуна жооп издедик.

“Мен Бишкектеги эң жакшы деген жогорку окуу жайын бүтүргөм. Өз кесибим боюнча иштеп жатам, жашоомо нааразы деле эмесмин, ата-энем алпештеген, эркелетип чоңойткон кызмын. Бирок жашым 30га чыгып калса дагы турмушка чыга элекмин. Жигиттер бир ирет сүйлөшүп таанышып коюп эле, андан ары телефон чалып же байланышпайт калышат. Сулуу эмесмин дейин десем андай деле эмес, дайыма өзүмдү карап жүрөм, баары эле “жакшынайкасың” деп айтышат. Акыркы кездерде  эжелерим, тааныштарым “Билимим десе билимиң, акылың десең акылың бар, эмне үчүн жигитиң жок, же турмушка чыкпайсың?” деп суроо бере берип тажатышты. Ага деле ойлонгон жокмун, буюрган бирөө тургандыр деп коем.

Бирок мени бир суроо кызыктырат. Менин университетте чогуу окуган Нурзада деген группалаш кызым бар эле. Бир караганда ушунчалык эле куник,  тээ алыскы бир айылдан келген, жүдөгөн эле кыз болчу. Биринчи курстан кийин бир аз жасанып, боенгонду үйрөнүп алды, ошентсе да келбети жакшырып кеткен жок. Ошого карабай группалаш да, башка факультеттердеги жигиттердин баары эле аны менен көп сүйлөшчү. Экинчи курстан бизге социологиядан Камчы деген агай сабак берип калды. Аябай келбеттүү, сулуу, акылдуу көрүнүп, ал агайымды жактырып калдым. Чыны менен баардык кыздар аны жакшы көрөрүн билчүмүн. Ал мен үчүн эч бир жанга тең эмес, чыныгы идеалдуу мырза болчу. Бир күнү эле баягы келбети суук Нурзада деген группалашым агай менен колтукташып жүрүп калганын көрүп, кыздардан “экөө сүйлөшүп жатыптыр” дегенин угуп шок болдум. Кантип эле деп? Сүйүүдөн да, Камчы агайдан дагы көңүлүм үч көчкөн журттай калды. Албетте агай мени бир ирет деле караган эмес чынында. Бирок эмне үчүн ушул Нурзаданы тандады? Андан башка университетте сулуулар жок беле? Кийинки курста агайды да, Нурзаданы да көргөн жокмун. Экөө үйлөнүптүр деп уктум, “койчу ай” деп ишенген жокмун. Анан кийин “ажырашып кетип, бир баласы менен калыптыр” деп уктум. Ошол окуя ошону менен эсимден чыккан.

Жакында Бишкектен тааныштар менен Италия стилиндеги ресторанга барып калдык. Баягы гурппалашым отуруптур, мен араң тааныдым. Кычырып кийинген, өзүнчө эле леди. Мени таанып келип учурашып, сүйлөшө кеттик. Көрсө италиялык мырзага турмушка чыгып, анан көп жылдан бери Европада, Италиянын Флоренция шаарында жашап жатыптыр, Бишкекте дагы сиңдисине ресторан ачып бериптир. Ушул ресторандын ээси анын сиңдиси экен. Кыргызстанга эс алууга, жайлоого келген экен. Күйөөсүн, үй-бүлөсүнүн, балдарын мага тааныштырды, кыргызстандык улуу да чоңоюптур. Камчы агайдын эле көчүрмөсү болуптур, келбеттүү, көздөрү бажырайган. Италиялык күйөөсү дагы абдан сулуу, акылдуу, узун бойлуу джентельмен экен. Бизди коноктоп кетиришти.

Чынын айтсам ушул окуядан кийин менин аябай ичим күйдү. Эмне үчүн куник кыздар мынча бактылуу болушат дедим. Үйгө келип буулугуп, буулугуп ыйладым. Эмне үчүн эркектер сулуу эмес кыздарга үйлөнүшөт жана сулуу кыздарды карашпайт. Мырзалардан жооп күтөм?”,-деп жазды Динара.

Сиз бул тууралуу кандай ойдосуз окурман?

Ссылка: https://barometr.kg/emne-chn-zhigitter-suluu-emes-kyzdarga-jlnp-suluu-kyzdardy-karashpajt-myrzalardan-zhoop-ktm



Добавить комментарий

  • Билбейм кыргыздын макалы барго "кара кыздын агынан эмес багынан" деген. Бул макалдын мааниси кыз кара болсо да, куник болсо да багы болсо, пешенеси ачык болсо бактылуу болот да. Эми сулуу кыздардын баары эле эрсиз калган жок да. Сулуу кыздардын деле бактылуу болгондору көп.
  • Сулуулар ото назик болот.оздоруну гана ойлошот жасанганды.суйлосон тоготпогондой жооп беришет.озунун тенине албайт кобунчо. Бул айткандай куниктердин ички дуйносу таза болот.мамилеси да жакшы.. Автор бул менин жеке оюм.катуу тийсе кечиресинер
  • Кеп сулууда же келбетте эмесда, адамдын ички дуйносу сулуу болуш керек, жигиттер Ошо Сен айткан, келбет эмес, ички дуйносун карашат. Так что озундун ички дуйноно карап кор.
  • Балким озунузду биринчи орунга койуп,жеке жашоонуз эстен чыкандыр ким билет:Бирок бироого кеч буйруйт,бироого эрте буйруйт.Ошон учун озунузду кемсинтпениз балким сиздагы бактылуу болотурсуз.Жашоодо баары болушу мумкун.
  • Кубанычбек 3 года назад
    Сулуу кыздарга көпчүлүк балдардын духу жетпейт ошон үчүн жакындан сүйлөшө албайт, мен да сулуу кыздарды жакшы көрчүмүн сулуу кыздар жигит тандай берет артынан чуркатып анан тиричилике жограак болот мен байкаганым.
  • Кыздардын бир катасы:Сулуумун,жашмын каалаган убакта чекесинен чертип тийип алам деп бой которушот, жигиттерди тенине албайт..Антип жургондо убакыт учкан куш,отуп кетет ..Озун айткандай эрге тийиш керек деп баштаганда тегерегиндеги балдар ошол сен куник деген кыздарга уйлонуп алган болот.Анткени алар оздорун жонокойроок алып журушот.Уйлоно келгенде эркектер карапайым,жонокой кыздарды издешет.
  • Кеп сулуулукта эмес биринчимден. Ал эми экинчиден сиз бактылуулукта кааласаныз, болок бироону басмырлоону,кемсинтууну, ич куйдулукту токтотунуз. Тышкы келбетиниз озунузго сулуу сезилсе, ички дуйнонузду да сулууланыз ал озунуздон. Учунчудон болок бироонун жашоосун озунуздун жашоонузга салыштырбаныз. Кеп байлыкта эмес,кеп туруктуу,ишенимдуу сый-урматта бакыта жашоо. Мен сизге бакыт каалайм....
  • Мен деле озумо нормальный кишимин. Ж. ушул сулуу кыздардыкы отту. Акыркы жолу эжемдин сунушу менен бир сулуу менен таанышкам, кезиккени барсам озунун амбициясын айтып бутпойт. Жолугушуга чакырсам келбей, 2-3 жолу жумуш жагынан кезигип журдум. Анан акыркы жолу кезиккенде бааланды, ордуна коюп коюп кетип калгам. Азыр чет олкого кеткен атат ииштегени.
  • Ар бир айым сулуу, эч качан болбош керек! Сулуумун деп колго келген бакытты учуруп жибергендер бар, адамдарды жошоодо сулуулугу эмес, жонокойлугу женет
  • Бир кезде сага да бакыт апкелет, отурган кыз оорунтабат деген кыргыздын ,элден келеткан соз бар
  • Эмне учун куник кыздарды жигиттер карайт дебей созсуз сулуу жигитке турмушка чыгып бактылуу болом деп кудайдан тиле бироого ич куйдулук менен карабай суктануу менен жакшы коруу менен кара албетте сен да сулуу жигитке турмушка чыгып бактылуу болосун чын журоктон кааласан
  • Эркектер сулуу эмес суйкумдуу,бат эле тил табыша калган,мамилеге жылуу,озуно ишенген тартынбаган же уян кыздарды караса керек,сулуумун деп четте озун бийик супсак кыздар калып калып кетет
  • Сулуу сулуу эмес суйгон сулуу дейт кыргызда ар бир айымдын эч кимге билинбеген сулуулугу бар ал сулуулукту сизди баалап , барктап суйгон адам гана коро алат. Ал сулуулук бир эле келбетте эмес ички дуйнонун, адамга болгон жонокойлук мамиленин баардык жакшы сыпааттары менен бирдикте эн сулуу айым келип чыгат. Мумкун сиз сырткы эмес ички сулуулугунузга да маани берсениз сиз жактырган сулуу мырзалар кучак толо гул менен сизди буйруса алдыныздан тороп чыгат.
  • Кеп сулууда эмес кеп ан сезиминде сулуу болсон эле жигит карай бербейт. Жагымсыз кылык жоругун бар ошон учун жигитер качат. Кезинде жакшы жигитер жолукан бирок Сен боюн которуп караган эмесин.
  • Жоргонун желкеси кургабайт Сулуунун бир жери кургабайт ... Дегендей сулуу болсоң ошондой ойго кетет эркектер,так что мындан кийин куник болуп жүр анан жигиттер карайт...
  • 1 журоко 2 сулуу батпайт. Сулуулар оздоруну коп суйгондуктон башканы суйо албайт.
  • Кыял жорукту ондош керек.Ичи таарлык кылба жонокой бол.Бойунду которуп журо берсен 40 чыкканынды билбей каласын андан кийин кеч болуп калат.
  • Куник деген соз жок, кыргыз тилинде. Ичин ушунчалык тар экен. Нурзада бактылуу болсун.
  • Бул бактынан, пешене дейткен... Бироого насибинер буйруп тургандыр. Мисалы мен сулуу кызга уйлонгум келет😎
  • Келбети өтө сулуу кыз негизи боюн көтөргөн, оокатка эби жок келет , мындай кыздарды жигиттер убактылуу карашат а түбү ички дүйнөсү сулуу кыздарга үйлөнүшөт көпчүлүк жигиттер !!!
  • Эркектер сулуулардан конулу калат коп учурда алар кобунчо туруксузураак болот ошол себептен ойсондоп жасанып жургон кызды эмес эне болотурчу жонокой кызга уйлонууну туура корот