Атамбаев: "Текебаевдин соту боюнча күч органдарына баары мыйзамдуу болсун дегем"
Текебаевге байланыштуу мыйзамды карабай деле койсом болмок экен, анын тарапташтары миллион тууралуу сөз кылышкан. Бул тууралуу мен укук коргоо органдарына мыйзам чегинде жасагыла"-деген талапты коюп келгем-деди экс-президент атамбаев бүгүнкү интервьюсунда.
Эске салсак, "Ата Мекен" партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев жана анын партиялашы, мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотонов "Коррупция" беренеси менен айыпталып, былтыр февраль айында камалган. Аларга "орус жараны Леонид Маевскийден 1 миллион доллар пара алган" деген айып тагылган. Сот экөөнү тең сегиз жылга эркинен ажыраткан.
Ал эми, өткөн жумада Маевский "шантаж" кылгандыгы үчүн Москвада кармалып, камакка алынды.
Ссылка: https://barometr.kg/atambaev-tekebaevdin-sotu-boyuncha-kch-organdaryna-baary-myjzamduu-bolsun-degem
Добавить комментарий ×