Текебаевдин камалышына негизги себепкер болгон Леонид Маевский Москвада "шантаж" кылгандыгы үчүн камакка алынды
"Ата-Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин ишиндеги негизги күбө, Орусиялык ишкер Леонид Маевский Москвада камакка алынды. Бул тууралуу Орусиялык басылмалар жазышты. Маевский "бирөөнү жаманатты кыла турган маалыматты ачыкка чыгарбоо үчүн жабырлануучулардан ири суммадагы акча талап кылган" деп айыпталып, 16-ноябрда Москвадагы Тверь райондук соту аны 2019-жылдын 14-январына чейин камакка алууну чечкенин “Интерфакс” жана башка ММКлар маалымдашкан эле.
Орусиянын кылмыш кодексинин "Опузалоо" беренеси менен айып тагылып жаткандыгын Москва шаардык сотунун расмий сайтына жарыяланды. Эгер сот аны айыптуу деп тапса, анда 7 жылдан 15 жылга чейин камалышы мүмкүн.
“Интерфакс” агенттиги тергөөнүн жана судьялардын маалыматтарына таянып билдирген маалыматтарга караганда, Маевский 2018-жылдын 31-октябрынан 8-ноябрына чейин Москвада белгисиз адамдар менен алдын ала сүйлөшүп алып, жабырлануучулардан 37,5 миллион доллар талап кылган. Эгер алар мындай каражатты бербесе, жабырлануучунун беделине шек келе турган маалыматты (шантаж) тарата турганын айткан. Бул факт боюнча 14-ноябрда кылмыш иши козголуп, кийинки күнү Маевский кармалган.
Азырынча Маевский кимдерди шантаж кылганы тууралуу маалымат ачыкка чыга элек.
Эске салсак, “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана анын партиялашы, мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотонов орус жараны Леонид Маевскийдин көрсөтмөлөрүнүн негизинде "Коррупция" беренеси менен айыпталып, 2017-жылы февраль айында камалган. Маевский 2010-жылы май айында Текебаев Бишкекте мобилдик компаниялардын бирин жетектеген Алексей Модин аттуу таанышы аркылуу “Мегаком” компаниясын алууну сунуштаган деп айткан.
Айрым депутаттар Маевскийдин көрсөтмөлөрүндө карама-каршылыктар бар экендигин айтышып, аны жоопко тартууну сунуштаган. Бирок, экс-президент Алмазбек Атамбаев саясий оппоненти Өмүрбек Текебаевдин камалышын колдогон.
Добавить комментарий ×