"Ата Мекен" партиясы катарын түгөлдөйт. Мартта съезд өтөт

7 январь 2020 15:30 2113 Расул Мурат
Бөлүшүү:
ok

"Ата Мекен" саясий партиясы март айында съезд өткөрөт. Бул тууралуу "Барометр" сайтына аталган фракциянын катчылыгынан кабарлашты.

Партиянын төрагасы Өмүрбек Текебаев "Азаттык" радиосуна берген түшүндүрмөсүндө съездде партиянын мүчөлөрү такталып, кимдер кетип, кимдер келери белгилүү болот.

"Акыркы беш жылда «Ата Мекен» партиясынын мүчөлөрүнө карата абдан катуу куугунтук жүрдү. Коомчулук кылмыш иши козголгон лидерлер боюнча гана партияга жасалган басымды билет. Иш жүзүндө мындай куугунтукка миңдеген адамдар туш болуп, айрымдар айла жоктон партиядан кетүүгө аргасыз болду. Жакынкы курултайда мүчөлөрүбүздү түгөлдөп, ким партияда калды, ким кетти, тактайлы деп жатабыз, - деди Текебаев.

Ал ошондой эле партиянын төарагалыгын тапшырып берүү тууралуу суроого "убакыт көрсөтөт" деп жооп кайтарган.

Эске салсак, жакында эле партиянын мүчөсү, Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов партиядан чыгып, мандатын тапшырган. Ал мындай аракетин Текебаев менен болгон пикир келишпестик себеп болду деп түшүндүргөн.

Ссылка: https://barometr.kg/ata-meken-partiyasy-kataryn-tgldjt-martta-sezd-tt



Добавить комментарий