Видео. Асыл тукум аргымакты уурдап кеткен 32 жаштагы жаран кармалды
Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалгынын жетинчи шаардык милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан асыл тукум жылкыны уурдоого шектүү жаран кармалды.Бул тууралуу Бишкек ШИИБинен кабарлашты.
7-майда Свердлов ИИБине Ж.А. аттуу жаран кайрылып, 6-майда «Ак-Тилек» жаңы конушунан анын баалуу породадагы жылкы (тай) уурдап кетишкенин айтып арыз берген.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестирине 204-берене (уурулук) боюнча катталган.
Иликтөө иштеринин жүрүшүндө 1987-жылы Чүй областында туулган жаран кармалып, камакка алынды.
Ссылка: https://barometr.kg/asyl-tukum-argymakty-uurdap-ketken-32-zhashtagy-zharan-karmaldy
Добавить комментарий ×