9 айда мал уурдаган 87 топтун ишине бөгөт коюлду
2021-жылдын 9 айында республика боюнча мал уурулук жөнүндө укук коргоо органдарынын өндүрүшүндө 1137 материал каралды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашканын “Барометр” маалымдайт.
Кылмыш иштеринини натыйжасында 2,5 миңден ашык малдын башы уурдалган, анын көбү кой-эчки болсо, кийинки катарда уйлар турат. Жылкыны азыраак уурдашкан.
Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында 902 кылмыштын бети ачылды.
Ыкчам иликтөөчүлөр тарабынан уурулукка шектүү 366 кармалды, анын арасында мурда соттолгон 60 адам бар.Мал уурулукка “кесиптешип алган” 87 кылмыштуу топтун ишине бөгөт коюлду.Аталган топтордун курамына 187 адам кирген.
Ссылка: https://barometr.kg/9-ajda-mal-uurdagan-87-toptun-ishine-bgt-koyuldu
Добавить комментарий ×