Аслан Кулбаев: КР ЖПКнын жаңы жоболоруна ылайык, үн жазуу жана көрүү жазмалары сурак жүргүзүүдө сөзсүз керек

10 апреля 2020 11:03 1126 Barometr
Поделиться в:
ok

Кулбаев Аслан Касымалиевич, доцент, юридикалык илимдердин кандидаты, адвокат. Ал КР 2017-жылдагы ЖПК дагы кылмыш сот адилеттигинин натыйжалуулугун жогорулатуунун жаңы механизмдери тууралуу айтып берди.

КР 2017-жылдагы жаңы жазык-процессуалдык кодексинин негизги идеясы болуп КР Конституциясынын ченемдерине жана адам укуктарынын эл аралык стандарттарына ылайык кылмыш сот адилеттигин жүргүзүүнү өзгөртүп түзүү саналат.

Жаңы кодексте, мурдагы кодекстерден ЖПК Кырг. ССР 29.12.1960-ж ., КР ЖПК 30.06.1999-ж. № 62) айырмаланып, инсандын укуктары жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо сапаттуу күчтөндүрүлгөн, процессуалдык функцияларды так чектөө жана атаандаштык процесстин чек аралары соттук гана эмес, бирок дагы сотко чейинки өндүрүштө дагы сезимдүү кеңейтилген. Эмне үчүн КР жаңы ЖПКсин иштеп чыгууда атаандаштык процесси негиз катары алынган? Бул биринчи иретте так ушул жакындоону Кыргыз Республикасынын Конституциясы талап кылат: «Сотөндүрүшү тараптардын атаандаштык жана бирдей укуктуулугунун негизинде иш жүзүнө ашырылат» (99-берене, 3-бөлүк). Соттук реформанын жүрүшүндө, 2019-жылдын 1-январынан тартып жаңы ЖПК менен бир эле убакта жаңы Кылмыш кодекси, Жоруктар жөнүндөгү Кодекс, Кылмыш –аткаруу кодекс, Бузуулар жөнүндөгү Кодекс жана башка «туугандык» мыйзамдар күчүнө киргендигин белгилей кетүү маанилүү. Бул кайта түзүүлөрдүн масштабдуулугун гана көрүүгө мүмкүнчүлүк түзбөстөн, бирок дагы система түзүүчү
мыйзамдар чөйрөсүндөгү макулдашылбагандыкты жоюуну кепилдейт КР жаңы ЖПКсы кылмыш өндүрүшүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга карата бир нече маанилүү механизмдерди карайт.

Эң маанилүү жаңычылдык болуп атайын тергөө амалдарын киргизүү болуп саналат, алар өздөрүнүн маңызы боюнча ыкчам-издөө иш-чараларына кирет. Бул жаңычылдыктын маңызы болуп, ЖПКга негизделген ыкчам издөө (ОРД) амалдары жөнүндөгү мыйзамга ылайык ишке ашырылып жаткан тергөө жана ыкчам-издөө иштери тергелип жаткан иштин алкагында кылмыш-прцессуалдык мыйзамдын жалпы иш-милдеттерин чечүүгө багытталган – кылмыштарды тез жана толук ачууга, жана аларды жасаган адамдардын бетин ачуу жана кылмыш жоопкерчилигине тартуу (КПК 6-берене 3,4-пункттар). Ошентип, советтик кылмыш процессинин көп мезгилдерден бери келе жаткан көйгөйлөрү – адамдын (ОРД) ыкчам издөө иштериндеги конституциялык укуктары жана (ОРД) ыкчам издөө иштеринде кылмыш иштердеги далилдөөлөрүнүн жыйынтыктарын ишке ашыруу чечилди. КР жаңы ЖПКде ыкчам-издөө иш-чаралары атайын (көрүнөө эмес) тергөө амалдары түрүндө аныкталган. Мурда мыйзамчы ОРДны КР 1999-жылдагы ЖПКсынын ченемдерине киргизүүнүн ийгиликсиз аракетин жасаган, ошону менен бирге. ОРДнын натыйжалары менен далилдердин тизмесин кошумчлаган. (81-берененин 2-бөлүгүнүн 4-п). Бирок, бул Кыргыз Республикасынын Конституциясынын ченемдерине, кылмыш сотөндүрүшүнүн прициптерине жана туура ой жүгүртүүгө каршы келет. Ошентип, жаңы ЖПКдагы тергөө амалдарын төмөндөгү белгилер: ачык, көрүнөө жана жашырын деп классификациялоо керек.

Жашырын, башкача айтканда, атайын тергөө амалдары ачык тергөө амалдарынан алардын жүргүзгөн иштери боюнча айырмаланат:

▪ ачык тергөө амалдары менен далилдерди чогултуу мүмкүн эмес болгон учурларда гана

▪ ыкчам-издөө иштеринин ыкмаларын колдонуу менен

▪ жүргүзүү мөөнөтү узакка созулган мүнөздө болгондо.

Ошентип, КР ЖПКде ыкчам-издөө иш-чаралары, атайын тергөө амалдары катары төмөндөгү себептер менен киргизилген:

▪ процессуалдык мыйзам атайын тергөө амалдарынын негиздерин жана жүргүзүү шарттарын анын ичинде соттук көзөмөлдү толугу менен жоболоштурат жана караштырат.

▪ атайын тергөө амалдары кылмыш иштери, оор жана өзгөчө оор кылмыштар боюнча жүргүзүлөт. КР ЖПКде белгиленген учурларда анча оор эмес кылмыштар боюнча жүргүзүлүшү мүмкүн.

▪ атайын тергөө амалдарды жүргүзүүнүн мөөнөттөрү аныкталган жана аларды
узартуу тартиби регламенттештирилген.

▪ атайын тергөө амалдары жүргүзүлгөн адамдарга карата аларды кабардар кылуу,
алардын жыйынтыктары менен тааныштыруу процедуралары аныкталган.

▪ атайын тергөө амалдарынын протоколдору ачык тергөө амалдарындагыдай (аналогия) эле далилдик мааниде болот.

Жогоруда белгиленген себептер адам укуктары чөйрөсүндөгү эл аралык стандарттардан, тактап айтканда, жеке жана үй бүлөлүк турмушуна кийлигишпөөдөн келип чыгат. Жарандык жана саясий укуктар боюнча Эларалык пактынын 17-беренесинде:

«1) «Эч ким анын жеке жана үй-бүлөлүк турмушуна негизсиз же мыйзамсыз кийлигишүүгө алынышы мүмкүн эмес, анын турак жайына же анын корреспонденцияларынын колтийгистигине негизсиз же мыйзамсыз зыян келтирүүгө же анын кадыр баркына жана репутациясына мыйзамсыз кол салууга алынышы мүмкүн эмес.

2) Ар бир адам мындай кийлигүүшүдөн жана зыян келтирүүдөн мыйзамды коргоого
укуктуу»

Кылмыш сотөндүрүү чөйрөсүндө сот гана адамдардын укугунун жана эркиндигинин чектелишинин негиздүүлүгүн жана негизсиздигин аныктооого укуктуу.

2017-жылдагы КР ЖПКчыккан, кат алышуунун, телеграф кабарлоонун, телефон сүйлөшүлөрдүн жана турак жайынын колтийгистигин (мисалы имараттарды, тамдарды, курулуштарды, байланыш бөлүмдөрүнүн телеграф жөнөтүүлөрүн ж.б. көзөмөлдөө) текшерүүгө окшогон конституциялык укуктарын чектөөчү атайын тергөө амалдары тергөөчү судьянын чечими менен жүргүзүлөт.

Эл аралык стандарттарга ылайык, постсоветтик мейкиндиктеги мамлекеттердин: Казахстан, Грузия, Латвия, Литва, Молдова, Украина жана Эстониянын жаза-процессуалдык мыйзамдарын реформалоонун жүрүшүндө аларда дагы ыкчам-издеп табуу жана кылмыш-процессуалдык иштеринде интеграция болуп өткөнүн белгилей кетүү керек.

Мисалы, ыкчам-издеп табуу иш-чаралары Грузиянын ЖПКнин бөлүгү болуп жана «Жашыруун тергөө амалдары», Украинада « Ачык эмес (издөө) тергөө амалдары, Казахстанда «Ачык эмес тергөө амалдары» деп аталып калды.

Тергөө амалдарынын өндүрүшүнүн жалпы тартибинде тергөө иштерин жүргүзүүнү чагылдыруу боюнча техникалык каражаттарды колдонуу сөзсүз деген ченем киргизилди. ЖПКнын 158-берененин 3-бөлүгү)

Күбөлөрдүн институту жоюлган, бул эң биричиден, жарандарды күбө катары тартуудагы практикалык көйгөйлөр, бул кылмыш процессиндеги коргоо жана
күнөөлөнүчү тараптардын нааразычылыгын туудурат.

Укук коргоо органдарынын кызматкерлери үчүн мыйзамдын талабы күндүн жана түндүн каалаган убактысында, каалаган жерден жашы жеткен жана экиден кем эмес кызыкчылыгы жок жарандарды, күбө катары чыгып бере турган адамдарды табыш олуттуу көйгөй болуп саналат.

Өз кезегинде, көпчүлүк адвокаттар, тергөө практикасында күбөлөр иштерди фальсификациялоо инструменти катары жана көпчүлүк учурда «өлүм жандар» деп аталгандар катары пайдаланыларына ишенишет.

Күбөлөр институту качан тергөө органдарында чагылдыруунун техникалык каражаттары жетишсиз болуп турган учурда актуалдуу болгон.

Азыркы учурда көрүү – жана үн жазуу тергөө амалдарын объективдүү жана толук жазып алууга мүмкүнчүлүк берет,ошондой эле, далилдер менен манипуляция жасоону жоет.

КР ЖПКнын жаңы жоболоруна ылайык, үн жазуу жана көрүү жазмалары сурак жүргүзүүдө сөзсүз керек:
▪ бойго жете электерди суракка алууда

▪ азиз адамдарды, сабатсыздарды, өз көрсөтмөлөрүнүн протоколдогу жазууларын окуп бере албаган аз сабаттуларды,

▪ котормочу аркылуу суракка алынган адамдарды

▪ өзгөчө оор кылмыштар боюнча айыпталгандар

▪ эксперт-психиатрлар тарабынан изилденүүгө муктаж болгон адамдар

▪ шектүүнүн, айыпталуучунун кылмыш кылганын моюнга алуу боюнча көрсөтмөлөрдү берүүдө ЖПК 93-берене, 193-берене 2-бөлүк)

Үн жана көрүү жазуусу сурактын бардык жүрүшүн чагылдырышы керек. Сурактын жарымынын үн жана көрүү жазуусу, ошондой эле, көрсөтмөлөрдү ошол сурактын жүрүшүндө атайылап кайталап жазууга уруксаат берилбейт.

Бул киргизилген кылмыш-процессуалдык жаңычылдыкты иш жүзүнө ашыруу үчүн тергөө органдарында сурак жүргүзүүнүн аудио – жана үн жазуучу техникалык каражаттар менен жабдылган атайын бөлмөлөрү түзүлүүдө.

Мындан тышкары, КР ЖПКсында сурак өндүрүшүнүн көрүүбайланыш режимин регламенттөөчү норма (дистанциялык сурамжылоо) киргизилген. КР ЖПКсынын 194-беренсине ылайык, дистанциялык сурамжылоо төмөндөгү учурларда жүргүзүлөт:

• адамдын сотко чейинки тергөө органына кылмыш ишин жана жосунду тергөө болуп жаткан жерге келүүгө ден соолугунун абалы боюнча жана башка кечиримдүү себептер менен мүмкүнчүлүгү болбой калган учурда;

• ишти соттук кароодо адамдын коопсуздугун камсыздоо зарылдыгы Дистанциялык сурактын өзгөчөлүгү болуп, сурак жүргүзүүчү адам иш боюнча териштирүүнү өткөрүп жаткан органдын имаратында болуп, ал эми суралуучу адам – ошол жер мейкиндигинде орун алган же райондун сотко чейинки өндүрүшү жүрүп жаткан жерде жашагандыгы саналат.

Суракка алуу көрүү конференция түрүндөгү байлланыштын жардамы, сурак жүргүзүүгө коюлган талаптарды сактоо менен жүргүзүлөт.

КР ЖПКсынын 24-бапы соттук экспертизанын укуктук институтуна арналган. 1999-жылдагы КР ЖПКсынын 25-бапынан айырмаланып, экспертизанын негизи, аны дайындоонун тартиби жана өндүрүшү толугу менен регламенттештирилген. Эгерде, 1999-жылдагы КР Жазык-процессуалдык кодекси боюнча экспертизаны дайындоо 4 бөлүктөн турса, (199-берене) ал эми жаңы КР ЖПК сында 13 бөлүктөн турат. Экспертизаны дайындоонун негиздери боюнча өзүнчө жаңы беренелер пайда болду (171-берене), экспертиза өткөрүлүп жаткан адамдардын укуктарынын кепилдиги (176-
бер), экспертизанын объектилери (183-бер) салыштырма изилдөөлөр үчүн үлгүлөрдү алуу боюнча (184, 185-бер). КР ЖПКсынын ушул бапынын ченемдери соттук эксперттик иштер жөнүндөгү КР Мыйзамы менен шайкеш келген.

Маанилүү өзгөрүүлөрдүн тизмегине процесстин катышуучуларынын, жеке айтканда адвокаттын экспертизаны өткөрүү жөнүндөгү демилгеси саналат, бул тараптардын ушул маселедеги бирдей процессуалдык мүмкүнчүлүктөрү тууралу айтканга негиз берет.

Ошентип, адвокатта сотко чейинки өндүрүштө үч процессуалдык мүмкүнчүлүктөрү бар, алар:
▪ экспертизаны дайындоо жөнүндө тергөөчүнүн алдында (алгачкы тергөө жүргүзүүчү органдын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн алдында) өтүнүч берүү;

▪ тергөөчүнүн (алгачкы тергөө жүргүзүүчү органдын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын) өтүнүчтү канааттандыруудан баш тартса, анда адвокат экспертизаны дайындоо өтүнүчү менен тергөөчү судьяга кайрылат (ЖПК 175-бер).

▪ эксперттик уюмга өз алдынча келишимдин негизинде эеспертиза өткөрүү боюнча кайрылууга, эгерде бул үчүн сотко чейинки өндүрүштөн изилдөө объектилерин суратып алуу талап кылынбай турган болсо (ЖПКнын 54-бер. 2-4, 4-бөл.172-бер.12-бөл)
Эксперттик тыянак берүүгө адвокаттык суроо-талап тууралу бир эле мезгилде тергөөчү дагы кабарланат (алгачкы тергөө жүргүзүүчү органдын ыйгарым укуктуу кызмат адамы), ал керек болгон учурда экспертке кошумча суроолорду бериши мүмкүн.

Эксперттин тергөөчү судьянын токтомунун негизинде жана адвокаттын суроо-талабы боюнча берген корутундусу эки даанадан түзүлүп алгачкы сотко чейинки органга бир даанасы жөнөтүлөт.

КР ЖПКсынын 172-бер.3-бөл. ылайык, экспертизаны өткөрүү тапшырылышы жана өндүрүлүшү мүмкүн:

▪ мамлекеттик жана (же) эксперттер тарабынан;

1 Караңыз : http://sudexpert.gov.kg/. КР сот эксперттеринин мамлекеттик реестри, ээ болгон соттук эксперттин компетенттүүлүгүнүн сертификаты, акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн наркына (экспертизаларды) даражасына татаалдыгына жараша
▪ бир жолу иретинде тергөөчү судьянын, соттун, тергөөчүнүн , алгачкы тергөө жүргүзүүчү органдын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын токтомунун негизинде, башка дагы атайын билимдери бар адамдардын мыйзамда каралган тартипте жана шарттарында;

▪ процесстин катышуучулары сунуштаган, атайын билимдери барлар, анын ичинде Кыргыз Респуликасынын жарандары болуп эсептелбегендер тарабынан1 берилет.

КР ЖПКда шектүү адам сотко чейинки кылмыш жана (же) жосундар жөнүндөгү иштердин өндүрүштөрүнүн бардык аралыгында борбордук процессуалдык фигура болуп саналат.

Айыптоо актысы бекитилгенден кийин шектүү адам айыпталуучу болуп саналат.

Андан ары айыптоо өкүмү кабыл алынган айыпталуучу соттолуучу же акталган деп аталат, эгерде өкүм актоо маңзында болсо. ЖПК нын 45-беренесинде шектүү адамдын укуктарынын ичинде жаңычылдыктын элементтери бар. Кармалган шектүү адамга бир натыйжалуу акысыз жана көзөмөлдөнүүчү телефон сүйлөшүү мүмкүнчүлүгү берилет (ЖПК 45- бер 1-бөл 2-п)

Шектүү адамдын бул укугу анын жакын туугандарын жана жакындарын ал кармалгандыгы жөнүндө өз убагында кабардар кылууга мүмкүндүк берет.

Шектүүгө коргонуу укугу менен камсыздандыруу сот адилеттигинин бирден бир базалык конституциялык принциптеринен болуп саналат.

КР жаңы ЖПКсында адвокат-коргоочунун жардамын пайдалануу адамга аны кылмыш жана (же) жосун жасады деп кабарлагандан жана кармагандан тартып – факт жүзүндө кармалгандан тартып берилет (ЖПК 45-бер. 1-бөл 5,6 п).

Муну менен бирге, шектүү адамга адвокатты өзү тандоо жарандык жана саясий укуктардын берилиши жарандык жана саясий укуктардын Эларалык пактынын 14-беренесинен келип чыгат.

Тандалган адвокат болбогон шартта гана, шектүү адамга КР юстиция министрлигинин алдындагы мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды пайдалануу боюнча мамлекеттик реестр аркылуу берилет. (ЖПК 51-бер. 4-бөл).

КР «Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндөгү» 2016-жылдын 16-декабрындагы мыйзамына ылайык, адамдын жылдык кирешесин эсепке албай эле, адамды шектүү деп кармаган учурда адвокат юридикалык жардамды көрсөтөт.

Акырында, шектелип жаткан адам өзүнүн коргоочусу менен саны, узактыгы, чектелбеген, конфиденциялык жалгыз жолугууга укугу бар, башкача айтканда, алардын сүйлөшүүлөрүн тыңшаганга эч кимдин мүмкүнчүлүгү жок шарттарда.

КР жаңы ЖПКсында шектүү адамды кармоонун тартиби КР Конституциясынын 24-беренесинин жоболоруна ылайыкташтырылган.

Ошентип КР КПКда төмөндөгүлөр так чагылдырылган:

▪ качан шектүүнү кармалды деп адамдын бир орундан экинчи орунга эркин жылышы факт жүзүндө кыска мөөнөткө ажыратылышы эсептелгенде;

▪ шектүү Конституциядан жана эл аралык стандарттардан (соттун чечимисиз камакка алынууга же эркинен ажыратылууга) чыккан, кечиктирилүүгө тийиш болбогон жагдайларда кармалды деп
таанылат.
▪ шектүүнү кармоо максаттары аныкталган:

- кылмышты жана (же) жосунду токтотуу,

- кармалгандын кылмышты жасаганга катыштыгы;

- аны камакка алуу маселесин чечүү;

- жосун иши боюнча өндүрүштү камсыз
кылуу;

▪ шектүү адамды кармоо мүмкүн, эгерде ал кылмыш жасады, деп шектелсе, адамга эркинен ажыратуу түрүндө жазалоосу дайындалса, (ЖПК 98-бер. 2-бөл)

▪ КР ЖПКсинын 504-беренесинин 3-бөл. ылайык, өзгөчө учурларда адам жосундарды жасады деп шектелип кармалышы мүмкүн, себеби, Жосундар жөнүндөгү кодексте жазалоонун эркинен ажыратуу түрү каралган эмес.

Шектүүнү факт жүзүндө кармоо убактында ал эмне үчүн шектелип жатат, ошондой эле, өзүнө каршы көрсөтмөлөрдү бербөө укугу, адвокатты алуу укугу, ошондой эле, мамлекет кепилдеген юридикалык укугунан пайдалануу укугу түшүндүрүлүшү жарыяланышы керек. Бул процедура факт жүзүндө кармаган укук коргоо органынын (ыкчам кызматкер милициянын участкалыык милиционери,тергөөчү)) кызмат адамы тарабынан аткарылышы зарыл. Бул талап КР Конституциясынын 24-бер. 5-п жана Жарандык жана саясий укуктар боюнча Эларалык пактынын 9-бер. 2-бөл келип чыккан жана ага ылайык, «Ар бир камакка алынган адамга камакка алынып жатканда - аны камакка алуунун себептери жана тездик тартип менен ага карата коюлган каалаган күнөөлөр кабарланат»

Жаңы ЖПКи кыйноолорду алдын-алуу жөнүндөгү бир нече ченемдерди камтыйт:
45-бер.19-п. «Шектүүнүн факт жүзүндө кармалгандан кийин медициналык кароого жана дарыгердин жардамын алууга укугу».

45-бер. 6-б. «Шектүүнү убактылуу кармоо жайына (УКИ) улам алып барууда, ошондой эле, анын өзүнөн, анын коргоочусунан, жакын туугандарынан, жолдошунан (супруг) ага карата зордук жана кыйноо колдонулуп жатканы же алгачкы тергөө органынын жана тергөө кызматкерлери тарабынан ага карата катуу мамилелери тууралу арыз бергенде, ал сөзсүз түрдө тиешелүү документтерди
түзүү менен медициналык жактан күбөлөндүрүлөт. Медициналык күбөлөндүрүү милдети убактылуу кармоочу жайдын (изолятор) администрациясына жүктөлөт»


▪ 50-бер. 4-бөл. «Адвокат алгачкы тергөө органдарына жана тергөөгө, прокуратурага же сотко чакырылган каалаган адамдын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого укуктуу, муну менен ал ушул Кодекстин 54-беренесинде каралган ыйгарым укуктарга ээ болот»;

▪ 80-бер 6-бөл. «Шектүүдөн, айыпталуучудан, күбөдөн жана анын жакын туугандарынан, жолдошунан (супруг) алардын коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндөгү арыздары түшкөн учурда аларга карата сотко чейинки өндүрүштө кыйноолор, же ырайымсыз, адамгерчиликсиз мамилелер болгон болсо, анда коопсуздук чаралардын кабыл алынышына карабастан прокурор тарабынан сотко чейинки өндүрүш иши өткөрүлөт».

▪ 82-бер 4-бөл. «Жол берилбеген далилдерге сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө кыйноолорду, зомбулукту, коркутууну, алдоону, ошого тете башка мыйзамсыз аракеттерди жана катаал мамилени колдонуу менен алынган күбөнүн, шектүүнүн, айыпкердин көрсөтмөлөрү, ошондой эле ага карата кыйноолорду колдонуунун натыйжасында алынган көрсөтмөлөр»;

▪ 85-бер. 3-бөл. «Сурактын жүрүшүндө адамдын күбө катары берген көрсөтмөлөрү анын өзүнө каршы далил катары таанылышы жана аны айыптоонун негизине коюлушу мүмкүн эмес».

103-бер.2-бөл. «Кармалган шектүүнүн изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруучу кызматкерлер менен сүйлөшүүсүнө иш өндүрүшүндө турган тергөөчүнүн, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын жазуу жүзүңдөгү уруксаты менен жана коргоочунун катышуусунда
гана жол берилет».

▪ 99-бер 6-бөл «Алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы, тергөөчү зарыл болгон учурда коргоо тарабынын өтүнмөсү боюнча кармалгандарды кармоочу жайларда жаткан шектүүгө медициналык кароо жүргүзүүгө, ал эми зарыл болгон учурда, врачтын
жардамын да өз убагында (12 сааттан кеч эмес) камсыз кылууга милдеттүү»

130-бер. 2-бөл. «Алгачкы текшерүү органынын, тергөөчүнүн аракетине кармалгандардын же камакта жаткандардын даттанууларын камакта кармоочу жайдын администрациясы прокурорго же сотко, ал эми прокурордун аракетине жана чечимине даттанууларды-жогору турган прокурорго 12 сааттан кеч эмес берүүгө милдеттүү»

▪ 171-бер.4-бөл. «Зарыл болгон учурда ушул Кодекстин 99-беренесинин 6-бөлүгүнө жана 116-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык, шектүүнүн же айыпталуучунун соттук-медициналык экспертизасы мамлекеттик эксперттер сыяктуу эле мамлекеттик эмес эксперттик уюмдар тарабынан да жүргүзүлүшү мүмкүн».

▪ 172-бер. 11-бөл. «Кыйноолорду же ырайымсыз мамиле жасоолорду колдонгондугу жөнүндө арыз болгондо, соттук-медициналык экспертиза 12 сааттын ичинде дайындалууга тийиш. Эксперт тарабынан сүрөткө тартып алууну же видео жазып алууларды колдонуу менен кароо жүргүзүлүүгө тийиш»
▪ 191-бер. 6-б. «Ар кандай берилүүчү суроолор тергөө этикасынын талаптарына шайкеш келүүгө тийиш. Суроолор так, түшүнүктүү, кыска болууга тийиш, тергөөчүнүн ырастоолорун жана баалоолорун камтууга тийиш эмес. Суракка алууда күч колдонуу, кыйноо, коркутуу
же башка мыйзамсыз таасир көрсөтүү чараларын колдонуу мыйзам менен белгиленген жазык жоопкерчилигине алып келет».

▪ 193-бер. 2-бөл. «Үн-видео жазып алууларды (жазып алуулардын техникалык каражаттарын) колдонуу шектүүлөрдүн, айыпталуучулардын өз күнөөлөрүн моюнга алып жаткан учурларында милдеттүү болуп саналат»:

Адвокаттын жаза сотөндүрүшүндө инсандын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо милдетин иш жүзүнө ашыруусу атаандаштык процесстин конструкциясынын керектүү элементи болуп саналат.

Ушуга байланыштуу, соттук реформанын алкагында мыйзамчы өзгөчө көңүлдү адвокаттын жаза сотөндүрүшүндөгү ролуна бурган.

Жаңы ЖПКда адвокат:

▪ шектүүнү, айыпталуучуну, соттолгонду, акталган адамды, юридикалык адамды, келтирилген зыянды толтуруу (моралдык зыян) боюнча юридикалык жактын өкүлүнө ага карата жаза-укуктук таасир тийгизүү чараларын колдонуу башталганда адамды коргоо функцияларын
ишке ашыруучу корголуучу тараптын катышуучусу болуп саналат (ЖПК 49, 50, 57, 390, 431-бер).

▪ жапа чеккен адамдын, жеке күнөөлүчүнүн укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо милдеттерин ишке ашыруучу адам өкүл деп аталат жана күнөөлөчү тараптын өкүлү болуп саналат. (ЖПК 43-бер).

▪ күбөнүн укуктарын коргоо милдеттерин аткаруучу коргоочу деп аталат (ст. 50,
п. 9 ч. 6 ст 58 ЖПКнын 50-бер. 58-бер. 6-бөлүгү,9-п,)

▪ өкүмдү аткаруу менен байланышкан маселелер боюнча юридикалык жардам берүү үчүн чакырылган адам дагы өкүл деп аталат (ЖПК, 429-бер. 5-бөл)

КР жаңы ЖПКсынын бирден-бир негизги жаңычылыгы болуп жапа чеккен адамдын, күбөнүн көрсөтмөлөрүн депонирлөө болуп саналат.

«Депонирлөө» термини латын тилинен келип чыккан, котормодо «коем», «калтырам» дегенди билдирип, башкача айтканда, бул термин сактоо процессин белгилөөдө пайдаланылат.

Далилдерди депонирлөө КР ЖПКсында далилдердин эки булагына карата гана колдонууга - жапа чеккен адамдын жана күбөнүн көрсөтмөлөрүнө колдонууга болот. Тергөөчү судья тарабынан көрсөтмөлөрдү депонирлөө сотко чейинки өндүрүштө гана мүмкүн: сотко чейинки өндүрүштүн башталышынан тартып ишти айыптоо актысы менен сотко өткөрүп берүү.

КР жаңы ЖПКде жабыр тарткан адам менен күбөнүн көрсөтмөлөрүн депонирлөөнүн үч негизи бар:
▪ Тергөөчүнүн, алгачкы тергөө жүргүзүүчү органдын кызмат адамынын өтүнүчү боюнча жабыр тарткан адамдын, күбөнүн сотко келишине тоскоол болгон объективдүү жагдайлар болгондо:

- Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерде такай жашоо;

- келечекте чет өлкөгө чыгуу;

- ден соолугунун оор абалы;

- коопсуздук чараларын сөзсүз колдонуу зарылдыгы (жашоого жана ден соолукка коркунучтуулугу менен);
▪ Адвокат-коргоочу жана коргоочу тарап жактан катышуучулардын өтүнүчү менен жабыр тарткан адамды жана «өздөрүнүн» күбөлөрүн иш боюнча аларга белгилүү болгон жагдайлар боюнча суракка алуу (ЖПК, 198-бер. 1-бөл);

Мыйзамдуу өкүлдүн, коргоочунун, тергөөчүнүн, алгачкы тергөө жүргүзүүчү органдын кызмат адамынын жашы жете элек жабыр тарткан адамды, күбөнү жана кийинки боло турган аларды суракка алууну болтурбоо үчүн өтүнмөлөрү (ЖПК 200-бер. 6-бөлүк).

Биринчи негиз жагдайлардын биротоло тизмегин камтыйт- тергөөчү судьянын алдында жабыр тарткан адамдын, күбөнүн көрсөтмөлөрүн депонирлөө боюнча юридикалык негиздер, өтүнүч арыздар Көрсөтмөлөрдү ушул негиздер менен депонирлөө далилдерди изилдөөнүн тупадан тууралыгын сот тарабынан камсыз кылууга багытталган, бул көпчүлүк учурда, зыян тарткан адамдардын сотко келүү көйгөйү менен байланышкан2.

Практика көргөзгөндөй, негизги күбөлөр көпчүлүк учурда ар кандай себептер менен соттук отурумдарга келе алышпайт же негизсиз шылтоолор менен келбей коюшат, мунун жыйынтыгында кылмыш иштерин кароонун процессуалдык мөөнөттөрү созулуп кетет. Азыр КР жаңы ЖПКне ылайык, эгерде жабыр тарткан адам, күбө, объективдүү себептер менен, соттук териштирүгө келбей калышса, же жабыр тарткан адамдын, күбөнүн коопсуздугу камсыз кылынса, тергөөчү, алгачкы тергөө жүргүзүү органынын кызмат адамы алардын көрсөтмөлөрүн сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө депонирлештирет. Кийин мындай жапа чеккен адам күбө сотко жана кайрадан суракка чакырылбайт.

2 Караңыз: КР Акыйкатчы (Омбудсмендин Атайын доклады) «Сот адилеттигине жетишүү: негизги көйгөйлөр» 2016-жыл үчүн http://www.ombudsайын man.kg/files/docs/reports/2016/access-to-justice.pdf
Көрсөтмөлөрдү депонирлештирүүнүн зарылчылыгы ошондой эле, КР ЖПКнын 320-бер. 1-бөл. ылайык, сотто жабыр тарткан адамдын, күбөнүн көрсөтмөлөрүн, сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө жарыялоо, тараптардын өтүнүчү менен, эгерде алардын көрсөтмөлөрү депонирлештирилген болсо келип чыгат.

Ошентип, күнөөлөөчү тарап жабыр тарткан адамды, күбөнүн сотко келүүсүн камсыз кылышы керек, же болбосо буга объктивдүү себептер болсо, тергөөчү судьядан алардын көрсөтмөлөрүн алдын-ала депонирлештирүү керек.

Албетте, прогрессивдүү жобо болуп сотто жабыр тарткан адамдын, күбөнүн көрсөтмөлөрүн анын сотко келбей калуу мүмкүнчүлүктөрүн алып салуучу себептерин улам жарыя кылбоо (анын ичинде көрсөтмөлөрдүн бири-бирине каршылыгы болгондо жана аларды берүүдөн баш тартканда)

Андыктан, 1999-жылдагы ЖПКде сурактын жүрүшүндө тергөөчү алган жабыр тарткан адамдын, күбөнүн соттогу көрсөтмөлөрүн жарыялоо каралган эреже туура жана адилеттүү деп таанылышы мүмкүн эмес.

Биринчиден, мындай ченем сотттогу бардык далилдерди изилдөөнүн тууралыгы принцибине каршы келет жана Жарандык жана саясий укуктар жөнүндөгү Эл аралык пактынын жоболоруна туура келбейт, буга ылайык, айыпталуучу ага каршы күбөлөрдү суракка алууга мүмкүн (14-бер. 3 бөл. «е» пункту).

Экинчиден, соттук тажрыйбада тергөөдө суракка алынгандар өздөрүнүн көрсөтмөлөрүн соттук отурумдарда көпчүлүк учурларда тастыкташпайт, муну алар ар кандай себептер менен, анын ичинде тергөө органдарынын басымы менен туура эмес көрсөтмөлөрдү бергендиги менен түшүндүрүшөт.

Эгерде сотто күбө, жабыр тарткан адам суракка алынбай эле анын көрсөтмөлөрү гана жарыяланса, анда сот далилдер са патындагы көрсөтмөлөрдүн тууралыгына жана ачыктыгына жеке ишенүү мүмкүнчүлүгүнөн ажырайт, бул өз кезегинде соттук чечимдин мыйзамдуулугуна, негиздүүлүгүнө жана адилеттүүлүгүнө таасир берет.

Ошентип, тергөөчү судьянын жабыр тарткан адамдын, күбөнүн көрсөтмөлөрүн депонирлөөсү алардын шексиздигин жана жөндүүлүгүн, аларга биринчи инстанциядагы соттун ишти алардын катышуусу жок эле маңызы менен караган учурда берген объективдүү бааларын кепилдейт.

КР ЖПКнин 40, 41 и 42 – баптарында (соттордогу жаза жана жосундар жөнүндөгү иштердин өндүрүшү) төмөндөгү негизги жаңычылдыктар (новелла) бар:

КР ЖПКнын 280-бер. 3-бөл. айыпталуучуну, күбөнү жана жабыр тарткан адамды көрүү конференц байланышты пайдалануу менен суракка алуу мүмкүнчүлүгү каралган (дистанциялык сурак).

Дистанциялык суракты жүргүзүү тартиби КР ЖПКнын 194-беренесинде аныкталган жана бул ченемди жүзөгө ашыруу үчүн соттук отурумдун бөлмөлөрүн жабдуу, ошондой эле тергөө изоляторлорду көрүүконференция системалары менен жабдуу зарыл.

КР ЖПК 286-бер. 3-бөл. ылайык, айыпталуучунун далилдерди сотко чейинки өндүрүштө жарыялашы, ошондой эле сурактын протоколуна тиркелген анын көрсөтмөлөрүнүн үн жазуулары, көрүү жазмалары тараптардын өтүнүчтөрүнүн ишти айыпталуучунун катышуусу жок эле караганда керек болот.

Айыпталуучунун көрсөтмөлөрүн сотто жарыя жасоонун башка негиздери КР жаңы
ЖПКда жок.

1999-жылдагы КР ЖПКде сотто айыпталуучунун көрсөтмөлөрү, эгерде айыпталуучунун тергөөнүн жүрүшүндө берген көрсөтмөлөрүндө карама-каршылыктар болгондо же болбосо айыпталуучунун сотто көрсөтмө берүүдөн баш тарткан учурларында жарыяланарын белгилей кетели.

КР ЖПКнын 320-беренесине ылайык, жабыр тарткан адам менен күбөнүн алардын сотко келбей калган себептеринен улам сотко чейинки өндүрүштө берген көрсөтмөлөрүн сотто жарыя кылууга эгерде жабыр тарткан адамдын, күбөнүн көрсөтмөлөрү депонирленишкен болсо жол берилет.

Соттук териштирүүнүн убагында ишти кошумча тергөөгө жиберүүгө соттун укугу
жок.

Соттук териштирүүнүн учурунда айыпталуучунун өтө оор кылмыш жасагандыгы жөнүндө шек аныкталса, судья ишти прокурордун өтүнүчү менен айыптоонун квалификациясын өзгөртүүнүн жаңы актысын түзүү үчүн өткөрүп берет.

Прокурор тарабынан жогорудагы белгиленген аракеттер аткарылгандан кийин соттук териштирүү улантылат (ЖПК 290-бер.3-бөл).

Бөгөт коюу чаралары КР ЖПКнын 274-беренесинде каралган соттук териштирүү убактысынын ичине колдонулат

Соттук териштирүүнү өз мөөнөтүндө аяктай албай калганда жана бөгөт коюу чараларын жокко чыгаруу негиздери болбогон учурларда бөгөт коюу чараларын колдонуу ар бир жолу 2 айга чейин узартылышы мүмкүн.

Өзгөчө учурларда бөгөт коюу чараларын колдонуу мөөнөттөрүн бир жылдан ашык мөөнөткө узартуу судьянын соот өндүрүшүндөгү иш боюнча жүйөөлөштүрүлгөн токтому менен жүргүзүлөт. Аталган токтом 5 күндүк мөөнөттө Жогорку сотко маалымат үчүн жөнөтүлөт (ЖПК, 293-бер.
5-бөл).
Муну менен бөгөт коюу чараларын колдонуу мөөнөттөрү эгерде соттук териштирүү КР ЖПКнын 291-беренесинин 5-чи (КР ЖК Конституциялык палатасына суроо-талап менен кайрылуудан ) жана 6-чы пункттарына (экспертизаны дайындоо) ылайык, токтотулган болсо узартылбайт.

КР ЖПКнын 64-чү жана 296-беренелерине ылайык, соттук приставка соттук отурумда тартипти камсыз кылуу, төрагалык кылуучунун буйруктарын аткаруу, анын ичинде соттук процесстин катышуучуларынын келишин камсыз кылуу боюнча милдеттерин аткаруу жүктөлөт.

КР жаңы ЖПКсынын 300-беренеси өзгөчө көңүл бурууга татыктуу – бул соттордо аудио-, көрүү протоколдоштурууну жайылтуу, бул, сот бийлигинин көзкарандылыгын бекемдөөнүн маанилүү көрсөткүчү жана соттордун ишиндеги тунуктукту камсыз кылуу, жалпысынан айтканда сот адилеттигин жүргүзүүнүн сапатын жогорулатуу болуп саналат.

Соттук териштирүү убагында соттук отурумдун катчысына процесстин бардык жүрүшүн протоколдо так жана толук чагылдыруу мүмкүн эмес экендиги белгилүү. Соттук процесстерди аудио жана көрүү протоколдоштуруу кол менен жазылган протоколдорду бурмалоону жана «жакындатуу» каалоосун, укуктук эмес соттук чечимдерди кабыл алууну жокко чыгарат.

Соттук териштирүүнүн жүрүшүнүн аудио–жана көрүү жазуусу ишке тиркелет, ошондой эле тараптардын өтүнүчү менен аларга аудио–жана көрүү жазуусунун көчүрмөсү берилет. Соттук отурумду аудио–жана көрүү протоколдоштурууда жазуу түрүндө кыскача протокол түзүлөт, анда соттук отурумдун жылы, айы, числосу, башталган жана аяктаган убагы, соттун аталышы жана ишти карап жаткан соттун курамы, соттордун жана соттук отурумдун катчысынын инициалдары, иштин аталышы, айыпталуучунун инсандыгы тууралу , сот тарабынан аудио-, көрүү каражаттарынын, котормочунун, айыптоочунун, коргоочунун, айыпталуучунун, ошондой эле, жабыр тарткан адамдын жана башка сот чакырган адамдардын келиши жөнүндөгү файлдын аталышы, иште катышып жаткан адамдардын кошумча далилдер катары беришкен документтери, протоколду түзүүнүн биротоло формасы түзүлгөн датасы жөнүндөгү маалыматтар жазылат.

Соттук отурумдун кыскача протоколуна төрага жана катчысы кол коюшат.

Аудио-, көрүү жазмасы камтылган материлдык алып жүрүүчү жана соттук отурумдун кыскача протоколу иштин материалдарына тиркелет жана тараптардын өтүнүчү менен аларга көчүрмөлөрү берилет.

Эгерде иш жабык соттук отурумда каралган болсо, анда тараптарга аудио-, көрүү протоколу менен сотто таанышууга мүмкүнчүлүк берилет.

Аудио-көрүү протоколдоштуруу жабдуунун жоктугунан жана техникалык оң эмес учур себептеринен улам колдонууга мүмкүн болбогон шарттарда аткарылбайт.

Сот отурумунун жүрүшүн жазууну камсыз кылуучу аудио-көрүү жазууларын техникалык колдонуунун тартиби, аудио-көрүү жазууларын сактоо жана жок кылуу, ошондой эле аудио-көрүү жазууларына кирүүгө мүмкүндүктү КР Жогорку сотунун алдындагы Сот департаменти аныктайт (ЖПК, 300-бер. 7-бөл).

Ссылка: https://barometr.kg/aslan-kulbaev-kr-zhpknyn-zhay-zhoboloruna-ylajyk-n-zhazuu-zhana-kr-zhazmalary-surak-zhrgzd-szsz-kerek



Добавить комментарий