Аскердеги кордук: Унаа оңдоп, арык казган жоокерлер
Балдары аскерде кыйноого кабылган ата энелер кыйноолордун алдын алуу улуттук борбору, "Бир-Дүйнө - Кыргызстан", “Кылым шамы” адам укугун коргоо уюмдарына кайрылган.
Ата энелер аскерде жүргөн балдары кыйноого кабылганын айтып аскер прокуратурасына да кайрылышкан. Бирок натыйжа боло элек. “Азаттык” аскердик турмуштун азабына туш болуп, ооруканада жаткан жоокер менен маектешкен.
“Мени белгисиз себептен прапорщик алаканы менен сол кулагыма урду, урган соң башым чыдатпай ооруп, кулагыма чуулдаган үн угулуп, сол кулагыман кан атып кетти.
Жуунуп жатканымда фельдшер эже келип эмне болду деп сурады. Мен Жапаров урду десем "эчтеке болбойт. ал ошондой ура берет, 15 күндон кийин кулагың айыгып калат" деп кулагыма пахта салып койду. Түнү менен уктай албадым... . Андан тышкары старщинанын Гольф үлгүсүндөгү, прапорщик Жапаровдун Форд үлгүсүндөгү, ст. лейтенанттын Опель үлгүсүндөгү автомашиналарын оңдодум. Сары-Жон деген айылга барып жергиликтүү тургундун үйүндө арык казып иштедик. Жумуш акысына командирлерибиз күнүнө 1000 сомдон алышты. Старщинанын үйүндө мончосун салдык, жер казып иштедик”, - деп айтып берген жоокер.
Жоокерлердин жактоочусу учурда кыйноо колдонгон аскер кызматкерлери жоопкерчилик тартпастан кызмат орундарында иштеп жатканын, мыйзам бузууга жол берилгенин билдирген. Жактоочу бул маселе кызмат өтөп жаткан жоокерлерге таасири тийип калышы мүмкүн деп кабатыр.
Ссылка: https://barometr.kg/askerdegi-korduk-unaa-odop-aryk-kazgan-zhookerler
Добавить комментарий ×