Казакстан быйыл да 9-майга карата аскердик парад өткөрбөйт. Себеби эмнеде?

24 апреля 2023 16:38 1473 Barometr
Поделиться в:
ok

Казакстанда быйыл да Жеңиш күнүнө карата аскердик парад өткөрүлбөйт. Бул тууралуу Казакстандын Коргоо министрлигине шилтеме берип “Барометр” билдирет.


Маалым болгондой, Казакстанда 2023-жылы аскердик парад өткөрүү бюджетти үнөмдөө, ошондой эле башка көйгөйлөрдү чечүү зарылдыгына байланыштуу пландалган эмес экени айтылат. 

Казакстандын Куралдуу күчтөрүнүн бөлүктөрүнүн күжүрмөн даярдыгын жана мобилдүүлүгүн талап кылынган деңгээлде кармап туруу артыкчылыктуу экендиги белгиленген. 

Буга чейин, Казакстандын Коргоо министрлиги бир парадды өткөрүү үчүн бюджетке орточо эсеп менен 4 миллиард теңгеден ашык каражат кетерин билдирген.    

Эске салсак, акыркы үч жылдан бери Казакстанда Ата Мекенди коргоочулар күнү жана Жеңиш майрамынын урматына аскердик парад өткөрбөй келет.   

Өткөн жылы Казакстандагы аскердик парад да бюджетти үнөмдөөнүн негизинде токтотулган.      
    

2021-жылы өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу Ата Мекенди коргоочулар күнүнө жана Жеңиш күнүнө карата аскердик парад да токтотулган.   
 
 
 

Ссылка: https://barometr.kg/kazakstan-byjyl-da-9-majga-karata-askerdik-paraddy-tkrbj-turgan-sebebin-bildirdi



Добавить комментарий