Аскарбек Шадиевдин иши сотко өттү

2 ноября 2018 12:25 1187 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Жогорку Кенештин депутаты Аскарбек Шадиевдин иши сотко өттү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, депутаттын иши боюнча тергөө иштери аяктап, Башкы прокуратура тарабынан 20-октябрда сотко өткөрүлүп берилген. Ал эми иш сотко өткөрүлгөндөн  14 күндөн кийин иш каралышы керек деп жазылат маалыматта. 

Аскарбек Шадиевге Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси (кызматынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш козголгон. Башкы прокуратуранын маалыматында депутат мамлекетке 2 миллион 61 миң сом зыян келтирген. Ага карата козголгон кылмыш иши териштирүү үчүн УКМКга жиберилген.  1-июнда УКМК Шадиевдин 27-апрелде Кыргызстандан чыгып, АКШга кетип калгандыгы билинген. 25-июнда ага карата “чек араны мыйзамсыз кесип өтүү” беренеси боюнча кылмыш ишин козголгон. Учурда Шадиев депутаттык мандатынан ажыратыла элек. 


Ссылка: https://barometr.kg/askarbek-shadievdin-ishi-sotko-tt



Добавить комментарий