Аскар Акаев: "Жакында кайсы бир ММКа мени жерге кѳмүп койду"

20 августа 2019 16:56 2152 Жайнагул Такенова
Поделиться в:
ok

Аскар Акаев жакында ѳз мекенине кайтуу планы бар экенин россиянын журналисттерине берген маалыматында жарыялады.

«Формалдуу тоскоолдуктар жок. Бирок менин оппоненттерим менин кайтып келишиме ыңгайлуу шарттар түзүлүп жатканын байкап, мага каршы маалыматтык күрѳш жүргүзүп жатышат. Жакында кайсы бир ММКа мени жерге кѳмүп койду», - деди.

Атамбаев учурунда ал баары бир мекенге кайтуу планы жок болгонун жада калса эки агасынын узак сапарга узатууга келе албаганын баса белгиледи.

Ал эми Феликс Кулов фейсбук баракчасында Акаевга Бишкекке келүүгѳ тоскоол кылбоо керектигин жазып чыкты.

«Эч нерсе жасабаган адам гана жаңылбайт. Биздин элдин эң жакшы сапаттарынын бири кечиримдүүлүгү. Адамдагы эң жогорку сапаттардын бири бул кечиримдүүлүк. Манас атабыз да кѳрсѳткѳн. Бирок азыркы доордун адамдарын кѳрѳ албасттык менен кекчилдик күч алууда. Бул ѳзгѳчѳ социалдык тармакта жайылып бара жатат», - деди.

Ошондой эле ал Аскар Акаедин келишине тоскоол кылбай мүмкүндүк берип, ММКалардан маалымат берүүгѳ шарт түзүү керектигин айтты.

Ссылка: https://barometr.kg/askar-akaevdin-mekenine-kajtuu-plany-bar



Добавить комментарий