Аскар Акаев: "Кыргызстанга барышым мүмкүн"

20 августа 2019 15:35 4374 13 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстандын биринчи президенти Орусиянын журналисттерине маек берип, Кыргызстанга келерин айтты. 

"Сиз мекениңизге баргыңыз келеби, ага эмне каршылыктар болуп жатат?",- деп суроо беришти.

"Мекениңизди сагындыңызбы?"- деген суроолоруна мындайча жооп берди:

"Эч кандай формалдык каршылыктар жок, бирок мага каршы информациялык чабуулдар болуп жатат.13 жыл мурунку калп маалыматтарды жалган жалааларды кайрадан айтып чыгышууда. Алардын айтуусунда мен жарым тонна алтын уурдаган экем. Бирок мен Алмазбек Атамбаевдин учурунда Кыргызстанга баралган эмесмин, эки бир тууганыма топурак сала алган жокмун. Мага ачык эле коркутуу болгон, аэропорттон кармаласын деп. Азыркы бийлик мен жөнүндө бир да жолу мага пикир айткан жок. Мага карата ачылган кылмыш иштери токтогонуна 12 жыл болду. Ошондой болсо да, ушул убакытка чейин мен жөнүндө туура эмес маалыматтарды окуп, угуп калам. Мен өз кесибимде иштеп, сүйүктүү ишим менен алекмин, өзүн жэңүүчү сезгендер бийликтен кетип калышкан", - деп кошумчалады мурдагы Кыргызстандын президенти.

Ссылка: https://barometr.kg/askar-akaev-kyrgyzstanga-baryshym-mumkun



Добавить комментарий

  • Кыргыз элине акылыныз, эмгегиңиз менен керексиз.
  • Аскар Акаевич сиз азыркы учурда Кыргызстанга керек болуп жатасыз. Сиздин тажрыйбанызга, акылынызга кыргыз эли муктаж.
  • Келиниз мен сизди сыйлайм
  • Келбей эле койсун! Эч кандай моралдык жагынан укугу жок деп эсептейм. Качып кеткенине караганда, олкого "наплевать" кылган. В его руках было страну с 5 мил. Запросто обеспечить хорошей жизнью. Заводы, фабрики, рабочие места все было в его руках- сохранить и развивать после союза.
  • Болотбек 5 лет назад
    Келип эле кор!
  • Эми келсе жакшы эле болмок Сабак алдыда
  • Вы должны приехать и собрать ученых экономистов, как В России и работать,что бы поднять экономику Кыргыстана.
  • Аскар Акаевич Сиз Кыргызстанга керек Адамсыз
  • Источником всех бед на сегодня являетесь Вы уважаемый АА так как если вы руководили бы правильно все было хорошо например как в Белоруссии. И как вы хотите вернуть ся
    • Айнура, везде хорошо там где нас нет. В Белорусии свои тараканы, там сидит последний диктатор в Европе! Кыргызы диктатуру никогда не воспринимали и не будут!
  • Келиниз, "карысы бардын ырысы бар", элинизге кеп-кенешинизди берип, жардам берсениз жакшы эле болот эле! Сиздей акылман аксакалдарыбыз -- элдин, кыргыздын байлыгы! Сизден кийинкилерди коруп жатабыз, биринен бири откон ачкоз аферисттер. Баркынызды эми билдик! Только, колтукка кирген кошоматчылардан сак болушунуз керек го, калганынан кудай озу сактасын!
  • Колундагы бийлик аз корунуп,кыргызстанды тоноп, тойбой, элди моралдык жактан талкалап, , мамлектти жакырчылыкка турткон кишиде абийир кадыбы? Келгенде эми эмнени кыйратмак!