Новиков Өзбекстандын премьер-министринин орун басары менен телефон аркылуу сүйлөштү

20 ноября 2020 10:17 680 Barometr
Поделиться в:
ok

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артём Новиков менен Өзбекстандын премьер-министринин орун басары Сардор Умурзаков менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматына таянып "Барометр" билдирет.

КРнын премьер-министринин милдетин аткаруучу Өзбекстандын өкмөтүнө коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү боюнча чаралардын алкагында көрсөткөн гуманитардык жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.

 Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө соода-экономикалык кызматташтыкты активдештирүү, өз ара соода жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүү жана өндүрүш кооперациясы чөйрөсүндө биргелешкен долбоорлорду түзүү, соода-логистикалык борборлорду, эки өлкөнүн чек арага чектешкен облустарында эркин экономикалык (өндүрүш) аймагын куруу жолу менен соода жүгүртүүнүн номенклатурасын кеңейтүү маселелери талкууланды.

 2020-жылдын декабрь айында чек арага чектеш облустардын башчыларынын кеңешинин үчүнчү отурумун  өткөрүү боюнча макулдашууга жетишилди. Кеңештин алкагында өлкөлөр ортосундагы товар жүгүртүүнү көбөйтүү максатында соода-экономикалык чөйрөдө Кыргызстан менен Өзбекстанстан ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү жана тереңдетүү боюнча практикалык иш-чаралар планына (Жол картасына) кол коюу пландаштырылууда.

 Соңунда тараптар кызматташтыктын актуалдуу маселелерин чечүү үчүн диалогду улантууга жана мамилелердин бардык комплексин мындан ары да активдештирүүгө даяр экендиктерин билдиришт

Ссылка: https://barometr.kg/artyom-novikov-zbekstandyn-premer-ministrinin-orun-basary-sardor-umurzakov-menen-telefon-arkyluu-sjlsht



Добавить комментарий