Аргынбек Малабаев жандандыруу бөлүмүнөн палатага которулат

28 января 2019 15:25 1247 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Травматология жана ортопедия улуттук борборунун маалыматына ылайык, жол кырсыгынан жапа чеккен мурдагы Транспорт министри Аргынбек Малабаев жандандыруу бөлүмүнөн кадимки палатага которулат.

Бейтаптын баш мээси чайкалып, кабыргалары сынган. Андан сырткары көкүрөк клеткалары дагы жабыркаган. 

Эске салсак, Сокулуктагы Белогорка капчыгайында тоонун кыры менен бара жаткан "Toyota Land Cruiser" үлгүсүндөгү унаа кырдан чыгып, 10 метрдей бийиктиктен ылдый кулап кеткен. Кырсыктан бирөө каза болуп, экөө оор абалда жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Алардын арасында мурунку Унаа министри Аргынбек Малабаев да болгон. 

Ссылка: https://barometr.kg/argynbek-malabaev-zhandandyruu-blmnn-palataga-kotorulat



Добавить комментарий