Тоонун кырынан ылдый 10 метр тоголонуп кеткен жол тандабастын ичинде мурдагы транспорт министри болгон
Сокулуктагы Белагорка капчыгайында тоонун кыры менен бара жаткан "Toyota Land Cruiser" үлгүсүндөгү унаа кырдан чыгып, 10 метрдей бийиктиктен ылдый кулап кеткен. Кырсыктан бирөө каза болуп, экөө оор абалда жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Бул тууралуу социалдык баракчаларда тарады. Ал эми Чүй облустук жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы маалыматты тастыктады.
Маалыматтарга ылайык, жол тандабастын ичинде аңчылыкка бара жаткан мурдагы транспорт жана коммуникация министри Аргынбек Малабаев болгон. Ал учурда оор абалда ооруканага жаткырылганы айтылды.
Жогорудагы окуя боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалып, жол кырсыгы эреже бузуулардын биридктүү реестрине катталды. Учурда чогултулган материалдар тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилген.
Добавить комментарий ×