Кашкар Жунушалиев ИИМге тиешелүү госпиталь, стационарды текшерди (Сүрөт)
Кашкар Жунушалиев ИИМге тиешелүү госпиталь, күнү-түнү иштеп жаткан стационарды көрүп, ден соолугуна байланыштуу кайрылып жаткан милиция кызматкерлеринин жана ардагерлердин абалы менен таанышты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.
Кечээ, 19-июлда Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев ИИМге тиешелүү госпиталга, Бишкек ШИИББнын спорттук залында уюштурулган күндүзгү стационарга жана Ички коопсуздук аскер кызматынын (ички аскерлер) эс алуу жана ден соолукту чындоо борборунун базасында күнү-түнү иштеп жаткан стационардын абалын, ден соолугуна байланыштуу кайрылып жаткан милиция кызматкерлеринин жана ардагерлердин акыбалы менен таанышып, аларга көрсөтүлүп жаткан медициналык жардамдардан кабар алды.
Министр керектүү медициналык-санитардык талаптарды аткаруу менен палаталарды карап чыкты.
“Медицина башкармалыгы жана дарыгерлер милиция кызматкерлерин, алардын үй-бүлөсүн жана ардагерлердин саламаттыгын чыңдоо жана дарылоо багытында бардык аракеттер көрүлүп жатат”, - деди ИИМдин госпиталынын башчысы, ички кызматтын капитаны Индира Абдыгулова.
ИИМдин госпиталында, поликлиникасында жана ага тиешелүү медициналык жайларда жардам көрсөтүү толук кандуу жүрүүдө, бардык тиешелүү жардамдар көрсөтүлүүдө.
Учурда тиешелүү шарттар түзүлүп, дарыгерлер күнү –түнү иштеп жатышат.
“Профилактикалык, карантиндик иш-чаралар жүрүүдө. Стационардык жана обочолонуу менен дарылануу багытында иштер үзгүлтүксүз жүрүп жатат. Бардык дарыгерлер өзүн-өзү коргонуу каражаттары менен ошондой эле тиешелүү деңгээлде дары-дармектер менен да камсыз болууда. Бизге кайрылгандардын бардыгына жардам берүүдөбүз”, - деп кошумчалады Абдыгулова.
Добавить комментарий ×