Арча-Бешиктеги тигүү цехинин күзөтчүсүн өлтүрүүгө шектүү адам кармалды

29 октября 2021 15:34 4946 Barometr
Поделиться в:
ok

Эркек киши таанышына бычак сайып качып кеткен, анын кесепетинен Арча-Бешик конушунун тургуну көз жумду. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлаганын “Барометр” маалымдайт.

Окуя 17-октябрда Арча-Бешик конушунда тигүү цехинин жанында болгон. Ал күнү ишкананын күзөтчүсүнө таанышы келип күзөт күркөсүндө экөө ичимдик ичишкен. Конок менен күзөтчү чатакташып кетип соңунда таанышы күзөтчүгө бычак сайып качып кеткен.

Эртең менен 18-октябрда эркек кишинин сөөгү табылды. Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын жана Бишкек ШИИБинин кызматкерлери шектүү жаранды кармашты. Ал 1989-жылы туулган К.К. болуп чыкты, учурда ал соттун чечими менен 1-убактылуу кармоочу жайга эки айга чейин тергөө учурунда камакта калтырылды, тергөө башталды.

Ссылка: https://barometr.kg/archa-beshiktegi-tig-cehinin-kztchsn-ltrg-shekt-adam-karmaldy



Добавить комментарий