Сооронбай Жээнбековду Түркмөнстандан кимдер тосуп алды?
Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 23-августта мамлекеттик иш сапар менен Түркмөнстандын Ашхабад шаарына учуп келди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Маалым болгондой, Ашхабад шаарынын эл аралык аба майданында ардактуу кароолдун ротасы тизилип, эки өлкөнүн желектери илинген. Президент Жээнбековду Түркмөнстандын вице-премьер-министри, тышкы иштер министри Рашид Мередов жана Кыргызстандын Түркмөнстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Жаныш Рүстөнбеков тосуп алышты.
Мамлекеттик сапардын жүрүшүндө мамлекет башчысы Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухаммедов менен тар жана кеңири курамда жолугушат. Ошондой эле бир катар маанилүү документтерге, анын ичинде Кыргыз Республикасы менен Түркмөнстандын ортосунда стратегиялык өнөктөштүк тууралуу Декларацияга кол коюлат деп болжолдонууда. Андан кийин Президент Сооронбай Жээнбеков 24-августка белгиленген Аралды сактоо фондунун эл аралык саммитине катышуу үчүн Түркмөнбашы шаарына учуп барат.
Ссылка: https://barometr.kg/aravanda-mechitten-rt-chygyp-eki-kishi-kaza-boldu
Добавить комментарий ×