Аралык сакталып, бет кап тагынышты. Чубак ажы Жалилов менен коштошуу (Видео)
Маркум Чубак ажы Жалиловду 200дөн ашуун адам Бишкектен кичи мекенине узатышты. Бул тууралуу «Барометрге» коштошуу зыйнатына катышкандар билдиришти.
Бүгүн, 11-июлда Кыргызстандын мурдагы муфтийи Чубак ажы Жалиловду 200дөн ашуун борбор калаанын жашоочусу ый менен аны кичи мекени болгон Базар-Коргон районуна узатышты.
“Бишкектеги өлүкканадан маркумдун сөөгүн коргонуу кийимин кийген адамдар алып чыгышты. Ал эми экс-муфтий менен коштошууга келген жарандар аралыкты сактап, бет кап тагынышкан”, - деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, белгилүү диний аалым 11-июлда Чубак ажы Жалилов Улуттук госпиталда жан берди.
Дарыгерлердин айтымы боюнча ал пневмонияга кабылып, ооруканага кайрылган.
Ссылка: https://barometr.kg/aralyk-saktalyp-bet-kap-tagynyshty-chubak-azhy-zhalilov-menen-koshtoshuu-video
Добавить комментарий ×