Анжеликадан Айчүрөк кем бекен! Ырчы темир тулпарлуу болгонун видеого тартып жар салды

11 января 2019 18:53 7920 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Ырчы Айчүрөк Иманалиева темир тулпарлуу болгонун видеого тартып интернетке жүктөдү. Анда жаңы унаа алганын, уй-бүлөсүнүн, кызынын видеосу менен чыгарган. 

Ал жеке баракчасына: "Баарыныздарды Жаңы-жылыңыздар менен дагы бир жолу куттуктайм. 12-январь биздин үй-бүлөдө үч туулган күн белгиленет. Арлен менен Аэлитаны туулган күнүмө белек кылып төрөп алгам. Алар төрөлгөндөн бери бул күн менин да туулган күнүм экенин унутуп да калдым. А быйыл мага белек кылып үй-бүлөлүк бюджеттен машина сатып алдык. "Тең жегенди теңирим сүйүптүр" дейт, муктаждарга колумдан келишинче жардам берүүгө аракеттенем. Менде болгон жакшы нерсе жалпы эл-журтумдун баарында болушун каалайм. Тирүүлүктө бири бирибизди колдоп, сүйөп жүргөнгө эмне жетсин"-деп жазган. 

Ырчынын постунун пикир калтыруу бөлүмүндө куттуктоолор, каалоо-тилектер менен кошо "Ушу ырчылардын мактангандары өттү"-деген билдирүүлөр да калтырылган. Устаты, шакирти болуп эки ырчынын ортосунда билинбеген атаандаштык бар сыяктуу сезилет. Дегенибиз, жакында эле Айчүрөктүн жакшы көргөн шакирти Анжелика дагы унаа алганын жарыялап, видеосу менен интернетке жүктөгөн эле.

Ссылка: https://barometr.kg/anzhelikadan-ajchrk-kem-beken-yrchy-temir-tulparluu-bolgonun-videogo-tartyp-zhar-saldy



Добавить комментарий