Анжелика: "Lexus аламбы же RAV 4 аламбы, тапкыла"-деди күйөрмандарына

8 декабря 2018 14:07 9642 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Ырчы Анжелика күйөрмандарына темир тулпар тандап жатканын айтып, Lexus аламбы же RAV 4 аламбы?-деп табышмактатып, унаалардын сүрөттөрү менен жүктөдү. 

Ырчы айымдын ар бир баскан-турганын инстаграмдан бөлүшүп, ар бир кадамын жаза берген адатына эл деле көнүп калды окшойт. Эки тулпардын кайсынысы жакшы экенин айтып, сунуштагандар да болду. 

Айрымдары "Башка жерге барганындан бери жазбайсыңбы мынча болду?-деп туура эмес көрүштү. "Бир байды кармап алган окшойсуң"-деп тйишкендер да болду. 

Чындыгында, ашыкча айтылган билдирүүлөргө ырчы айым чыдабай: "Байдын байы болуп жашайын деп тытынып иштеп жүрөм, сиз да иштесеңиз ушундай бай болосуз!"-деп жооп берди. 


Ссылка: https://barometr.kg/anzhelika-lexus-alamby-zhe-rav-4-alamby-tapkyla-dedi-kjrmandaryna



Добавить комментарий