Анжелика: Кызым Айыманы Сабырбек Жумабеков өзү бутунан тургузуп, бастырды

9 февраля 2021 14:16 10530 Barometr
Поделиться в:
ok

Ырчы Анжелика улуу кызы Айыманы бүгүн, 9-февралда Сабырбек Жумабеков өзү бутунан тургузуп, алгачкы кадамдарды жасатканын айтты. Бул тууралуу ырчы кыздын соцтармактагы баракчасына жазылган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

“Айыманы Сабырбек байке өзү бутунан тургузду. Ал эми, мага эми олтурганга болот. Биздин бутубуздан турушубузга Кудайдын буйругу, сиздердин телигиңиздер жана Сабырбек Жумабековдун алтын колдору себеп болду”, - деп жазды ырчы.

Эске сала кетсек, ырчы Анжелика Кайратова 23-январда кыздары менен Бишкектен Караколго бара жатканда кырсыкка кабылганы айтылган. Ырчы жана анын кичүү кызы Айлинге дароо Бишкекте операция жасалган. Ал эми улуу кызы Айыманын моюун омурткалары сынып кеткендиктен, ага 5-февралда белгилүү травматолог-ортопед Сабырбек Жумабеков операция жасаган.

Ссылка: https://barometr.kg/anzhelika-kyzym-ajymany-sabyrbek-zhumabekov-z-butunan-turguzup-bastyrdy



Добавить комментарий