Анжелика: “Билбей туруп жаратымды тырмаба...”
Кыргыз эстрадасындагы ырчылардын арасынан акыркы мезгилде Анжеликага сын-пикирлер жамгырдай жаап келет. Курулай ушактардан тажаган ырчы айым жеке жашоосуна тиешелүү документтерин да интернет колдонуучуларына жарыялаган.
Бул жолу ал инстаграмдагы баракчасына ыр саптарынан куралган сүрөт жүктөдү.
Ыр аркылуу башкаларды жашоосуна кийлигишпөөгө чакырды.
Андагы ырдын мааниси Анжелика ушактардан чарчаганын түшүндүрөт:
Билбей туруп жаратымды тырмаба,
Билбей туруп менин жашоо сырымды,
Жалган айтып ушак сөзгө чырмаба.
Менин жашоом сенден бөлөк башкача,
Алыс болгун жакындашпа, жакпаса.
Жупунураак болсо дагы кебетем,
Ички дүйнөм алмаштыргыс таптаза!
Ссылка: https://barometr.kg/anzhelika-bilbej-turup-zharatymdy-tyrmaba
Добавить комментарий ×