Сүрөт. Ырчы Анжелика Марат Назарбековдун да өзүнүн да "бойдок" экендигин далилдеген маалымат менен бөлүштү
Ырчы Анжеликанын Марат Назарбеков менен Казакстанда жүрүп кадрга түшүп калган сүрөттөрү интернет барактарына тараган күндөн тарта эл ар тараптуу талкууга алууга өттү. Көпчүлүк ырчынын дарегине терс мазмундагы пикирлерди жазып калтырышты.
Ырчы мындай терс пикирлерге чыдабай интернетте тараган маалыматтарга өзү да аралашып, өз пикирин жазып калтырууга өттү. Дагы бир билдирүүсүндө ал:
"Биз эркин адамдарбыз. Эч кимге айтууга милдеттүү эмеспиз. Марат жубайы менен жашабай калганына 11 жылдан бери бойдок статусунда. Үч жылдан бери жалгыз жашайт" -деп жазган эле.
Бирок буга карабай ырчынын артынан ээрчиген ушак кептердин саны азайгандын ордуна абдан көбөйүп кетти. Айрымдар "Анжелика бирөөнүн балдарын жетим калтырды. Ажыраштырып жиберди" деген өңдүү пикирлерди жазууга да жетишишти. Мындай сөздөргө чекит коюу максатындабы, айтор Анжелика кечээ кезектеги инстаграмдагы жеке баракчасынын сториз бөлүмүнө Марат Назарбековдун жана өзүнүн мыйзамдуу түрдө качан ажырашкандары жана азыркы учурда бойдок экендигин тастыктаган документтердин сүрөттөрүн жүктөп:
"Ар кимдин өз тагдыры бар, көнүл бурбай койгулачы сураныч. Ар ким өз баракчасына менин атымды, сүрөтүмдү колдонуп, "хайп" жаратып жатканына мейли дейм!" -деп жазды.
Жогоруда айтылгандай ырчы сүрөттөр тарагандан кийин Марат Назарбеков менен чогуу экендигин четке какпай калды. Бирок биз баш кошкон жокпуз деп айтууда.
Добавить комментарий ×