Видео. Андрей Малахов кыргыз тилинде кечирим сурады

2 октября 2019 10:00 4880 Жайнагул Такенова
Поделиться в:
ok

Россия телеканалынын алыпбаруучусу Андрей Малахов түз эфирде ѳзүнүн телеберүүсүнѳн кыргызстандыктардан  кечирим сурады.

"Күнүгѳ эфир аркылуу эч кимди кайдыгер калтырбаган окуяларды айтып берем. Александр Моруговдун трагедиялык ѳлүмү тууралуу программада ар кандай эмоциялык талкуу сунуштар болгон. Каза болгон адамды атайын ѳлтүрдү деген дагы божомолдор болду. Бул сѳздѳр кээ бир Кыргызстандагы кѳрүүчүлѳргѳ катуу тийген. Алар автокырсыктагы таксинин айдоочусу Исламбек Акбаровду күнѳѳлѳп жаткандай кабыл алышты. Мени жалпы кыргызстандыктар жана Орусия угушун каалайм.  Эфир учурундагы айтылган сѳздѳр  кимдир бирѳѳгѳ терс таасирин тийгизип, жакпай калса, капа кылган болсо, «Түз эфир» телеберүүсүнүн редакциясынын атынан жеке ѳзүмдүн атыман кечирим сурайм. Кечирип коюңуздар", - деди Андрей Малахов

Ссылка: https://barometr.kg/andrej-malahov-kyrgyz-tilinde-kechirim-surady



Добавить комментарий