Камчыбек Ташиев: Аликбек Жекшенкулов ойгонуңуз! Малаховдун айткандарына тезинен жооп кайтарыңыз!

27 сентября 2019 15:14 1996 Barometr
Поделиться в:
ok

Орусиялык белгилүү теле алып баруучу Андрей Малаховдун Кыргызстан жана кыргызстандыктарды басмырлап айткан сөзү боюнча саясатчы Камчыбек Ташиев да үн катты.

Ташиев Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Аликбек Жекшенкуловго орус тилинде кайрылып, Малаховдун чагымчыл, шовинисттик аракетине жооп кайтарууга чакырат.

Бул тууралуу саясатчы facebook’тагы баракчасына жазды.  

Урматтуу Элчи! Мен терең урматтаган Аликбек Жекшенкулович! Чагымчыл, шовинист, адамдык наркы пас Малаховдун бүтүндөй Кыргызстандын элин кемсинткен, басмырлаган сөздөрүнө жооп кайтаруу сиз үчүн ушунчалык кыйынга турабы? 

Жөнөкөй эле кокустук окуяны апыртып, эки тарапты каршылаштыра турган сенсацияга айландырды! 

Орустар менен кыргыз эли бир эл. Аларды бөлүүгө болбойт, бир бир тууганбыз!  
Эгерде сиз мындайга туруштук бере албасаңыз, жооп кайтарып, Кыргызстандын элин коргой албасаңыз анда сизди эмнеге тандап, ал кызматка эмнеге дайындады? Сиз мындай адам эмес болчусуз, же сизди да бийлик буздубу?
Ойгонуңуз, Малахавдун айткандарына тезинен жооп кайтарыңыз, Сиз Кыргызстандын кызыкчылыгын коргоого милдеттүүсүз
!”, - деп айтылат Ташиевдин билдирүүсүндө.

Ташиевдин бул билдирүүсүн 20дай facebook колдонуучу бөлүшсө, пикирди колдогон, сындаган ондогон комментарийлер жазылды. Арасында бир орустун айтканы боюнча эки кыргыз орус тилинде сүйлөшкөнү сыяктуу комментарий да бар.

Эске сала кетсек, “Колбаса королу” атыккан орусиялык миллиардер Владимир Маруговдун уулу Александрдын автокырсыкка учурап каза болгон жагдайы Андрей Малаховдун «Түз эфир» телеберүүсүндө талкууланган. Анда алып баруучу Андрей Малахов кырсыкты «кокустук эмес, атайын уюшулган» деп, анын катышуучусу кыргызстандын жаранын бир тараптуу күнөөлөп чыккан.

Андрей Малахов: “Рулда 20 жаштагы балакай. Жарым ай мурун башка өлкөдөн келип, такси айдап иштеп жүрөт. Аларга 100 000 доллар берсең, үй бүлөсүн, айылын, бүткүл туугандарын кубантат. Анткени, алар мынча акчаны таба албайт. Аларда айлык 10 доллар», – деп айткан.

Малаховдун мындай сөздөрүнө нааразы болгон кыргызстандыктар андан кечирим сурашын талап кылууда. Социалдык тармактардан да, Ютуб каналына кайрылуу жасашып, «Малахов кечирим сурасын» деген акцияны башташкан.

Ссылка: https://barometr.kg/kamchybek-tashiev-alikbek-zhekshenkulov-ojgonuuz-malahovdun-ajtkandaryna-tezinen-zhoop-kajtaryyz



Добавить комментарий