Депутат айыл чарба министрлигинин талдоо бөлүмү эмне иш кылат деп министрди жарга такады

27 февраля 2020 15:21 769 Barometr
Поделиться в:
ok

Ушу тапта Кыргызстандын аймагында 600 мамлекеттик жана жеке менчик айыл чарба ишканасы, 3 миңден ашуун фермерлер бар. Ошондон улам, айыл чараба өнүмдөрүнүн 97 пайызы жеке чарабаларга таандык. Бул тууралуу айыл чарба министри Эркинбек Чодуев Жогорку Кеңеште 2020-жылдын жазгы-талаа жана чарбалык жумуштарды өткөрүүгө карата даярдыктын жүрүшү боюнча Өкмөттүн маалыматы угулуп жатканда билдирди.

«Акыркы үч жылда кант кызылчасын, жүгөрүнү, картошканы өндүрүү көлөмү өсүп жатканы, айдоо жерлерди пайдалануу мурдагыга караганда жакшырып баратканы байкалды. Айрыкча Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарында кыйла өсүш бар. Ошентип, өткөн жылы 220 млрд сомдук айыл чарба өнүмдөрү өндүрүлдү, анын ичинде 104 млрд сому мал чарба тармагына таандык», - деди министр.

Депутат Төрөбай Зулпукаров былтыр 240 миң гектарга буудай эгилди деген маалымат бар экенин эске салып, ар гектар жерден канча түшүм алына турганына кызыкты.

Айыл чарба министри 2019-жылдын жыйынтыгында ар гектер аянттан орто эсеп менен 26-27 центнерден эгин алынганын билдирди.

Депутат азыркы шартта түшүмдүн мынчалык болушу таптакыр мүмкүн эмес экенин айтып, маалыматты тактап коюуга кеңеш берди. 

«Ар гектардан 26 центнерден эгин алынса, жалпы түшүм 624 000 тоннага чыгып кетет. Ал бизге жетиштүү болмок. Анда эмнеге эгинди импорттоп жатабыз? Кайра тактап көрүңүз», - деди Төрөбай Зулпукаров.

Ал эми депутат Иса Өмүркулов Айыл чарба министрлигине Эркинбек Чодуев жетекчи болуп келгени мекеменин ишинде эч кандай өзгөрүү болбой жатканын баса белгиледи. 

«Министр баланча гектар жерден баланча картошка алынды дейт. Бул министрдин жасай турган жумушу эмес да. Министрлик биринчи кезекте өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жаатында иш жүргүзүшү керек. Эгерде коронавирус илдетине байланыштуу чек ара жабыла турган болсо, азык-түлүк тартыштыгы башталат, анан силердин кандай иштегениңерди көрөбүз», - деди ал.

Депутаттын пикиринде,  Айыл чарба министрлиги азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу үчүн эл аралык рынокко байкоо жүргүзүп, импортту кыскартуу менен, айыл чарба өнүмдөрүнүн экспортко чыгышына мүмкүнчүлүк түзүүгө тийиш. 

"Мына ошондо жалпы журтка, анын ичинде ата мекендик өндүрүүчүлөргө чындап кам көргөн болобуз. Деги, силердин талдоо борборуңар эмне жумуш кылат?", - деп кошумчалады Иса Өмүркулов.

Өз кезегинде министр чындап эле көйгөйлөр бар экенин моюндады.

«Ырас, айыл чарба тармагында көйгөйлөр көп. Менин министр болуп иштегениме 9 ай эле болду, буюрса жакшы натыйлар болот», - деген жообун берди министр.

Ссылка: https://barometr.kg/anda-emnege-egindi-importtop-zhatabyz-kajra-taktap-krz-dedi-trbaj-zulpukarov



Добавить комментарий