Американы жаңырта кыргыз ырын ырдап, желегин желбиреткен мекендештер (видео)
Американын көчөлөрүндө кыргыз желеги желбиреп, кыргыз ыры жаңырды. Бул тууралуу АКШдагы мекендештерибиздин маалыматына таянып “Барометр” билдирет.
Дүйнө жүзү боюнча пандемияга байланыштуу коопсуздук эрежелерин сактоо, массалык түрдө адамдардын чогулбоосуна тыюу салынып келет. Бирок ага карабай Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата жер шаарынын булуң-бурчундагы кыргызстандыктар майрамды белгилешти.
Тасмадан алыскы окендын ары жагындагы кыргыздардын байрагыбызды Американын көчөлөрүндө желбиреткенин көрүүгө болот. Ак калпак, кыргыз кийим кийген жаштар жаңырта кыргыз ырын коюп алып, жүрүш жасашкан. Алардын максаты кыргыз жерин, желегин жана каада-салтын, музыкасын таанытуу.
Ар бир кыргыз жаранынын жүрөгүн жылыткан видео тасмага ыраазычылыгын айтып билдирүү калтыргандар арбын.
“Алыста жүрсө да жүрөгү мекен деп соккон жаштар бар болсун”, -деген билдирүү калтырды соц тармактын колдонуучусу.
“Мына кыргыздын патриоттору деп ушуларды айтсак болот. Кыргызды дүйнөгө тааныткыла. Майрамыбыз куттуу болсун. Мамлекетибиздин келечеги кең болсун”, - деди соц тармактын активдүү колдонуучусу.
Ссылка: https://barometr.kg/amerikada-zhayrta-kyrgyz-yryn-yrdap-zhelegin-zhelbiretken-mekendeshter
Добавить комментарий ×